"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада “Динийстремизм жана суицидге жол бербейли!”-темасында тегерек стол болуп өттү

17 Октябрь 2015 жыл 18:43
Көрүүлөрдүн саны: 143

Асан Сопиев атындагы мектебинин жыйын залында 5-11-класстын жалпы 187 окуучусу менен мугалимдер жааматы, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте болду.

Тегерек столго айылдык имам  Сооронбаев Мейманкул молдо, Айыл кеңешинин төрагасы Масылов Кыдырмыш, Адеп сабагынын мугалими Токталиев Эсенкан, мектеп директору Мамытов Алик, Социалдык педагог Садабаев Ороз, уюштуруучу Өмүрзакова Назира жана жогорку класстын мугалимдери катышты.

20151014_080911

Аталган мектептин соц.педагогу  Ороз Садабаев. “Диний экстремизм жана анын кесепеттери”, “Суицидге жол бербейли!”-темасында талкуу жүргөнүнбилдирди. Өз сөзүндө бүгүнкү күндө экстремисттик мүнөздөгү топтордун жүргүзгөн террордук актылары дүйнөлүк коомчулукту кооптондуруусуна токтолуп, жакын арада болуп өткөн Түркиянын Анкара шаарында террактта жүздөй адамдын өмүрү кыйылып, 200дөн ашуун жаран оор жаракат алып азаптуу күндөрдү өткөрүп жатканына токтолду.

“ Мына 2010-жылдагы, Бесландагы мектепте  ондогон балдар, 2011-жылы А.К.Шдагы Манхетен соода борборунда болуп өткөн террактыларда жүздөгөн адамдар набыт болгон.Булардын кимге кереги бар?Жаштар, мектеп окуучулары исламдын башка агымдарына кирип жаткандыгы өкүнүчтүү. Биз бул түз жолдон тайыбашыбыз керек”- деп билдирди Садабаев.

Бул маселе боюнча Адеп сабагынын мугалими Эсенкан Токталиевдин айтымында диний экстремизм ислам динин булгап, ага каршы аракеттерди жасашууда.  Акылы бар ар бир адам башка бирөөгө жамандык кылбоосу керек, бири-бирине кыянаттык кылбай бири-бирин аяп, сактап, коргоосу керек деген оюн айтты.

“Суцид боюнча кимде-ким өз жанын өзү кыйса дуба, жаназа, куран да тийбейт. Өзүң өз денеңди коргой албасаң башка бирөөнү коргой аласыңбы? Силердин курсагыңар ачпы, кийимге жетпей жүрөсүңөрбү? Барга көппөй жокко чөкпөө керек. Сен бирөөнө жакшылыкты кааласаң,  жакшылык көрөсүң , жамандык кааласаң жамандык көрөсүң. Адам көтөрүмдүү, сабырдуу болушу керек. Ата-эне эч качан жаман болсун деп катуу айтпайт, жаман нерседен оолак бололу”-деп айтты Токталиев.

Айылдын имамы Мейманкул Сооронбаев экстремизм боюча балдарга төмөнкүлөрдү айтып өттү.

20151014_085316

“1948-жылы Израилде Хизбут –Тахрирлердин боштондук кыймылы чыккан, алардын негизги максаты өлкөлөрдө исламий ьийликти орнотуу. Бахабийлер, Ахмед булар хизбуттардын идеаларын таркатуучулар экендигине токтолду. Мына ушул сыяктуу топтор дүйнө элине көп залакаларын тийгизүүдө. Ушул маселелер боюнча, өз жанын өзү кыйгандар боюнча түшүнүксүз суроолор болсо жума намазга келип, акыл-насаат алсаңар болот”-деп билдирди Сооронбаев.

Кийинки сөздү Айыл Кеңешинин төрагасы, жаран-таануу жана адеп сабагынын мугалими  Кыдырмыш Масылов акыркы учурдагы жаштардын өз жанын өзү кыюсу туурасында буларга токтолду.

20151014_080901

“Кээ бирөө ичээрге суу таппай жүрсө кээ бири кечээрге кечүү таппай жүрөт дегендей, кээ бир адам жашоо үчүн күнүгө миңдеген сомду коротуп даарыланып жашоо үчүн кам көрүп жатса, кээ бир акылы жоктор өз жанын өзү кыйышууда. Силер жаман жорукка барсаңар ата-энеңер өмүр бою сыздап өтөөрүн билгиле, силер да ата-эне болосуңар. Ата-энеңерди, бир-туугандарыңарды жакшы көрсөңөр алардыойлоо керек. Тескерисинче үй-бүлөөдө кыйынчылык болсо  силер аларга көмөк көрсөтүшүңөр керек. Ойлонуп иш кылгыла”-деп айтып өттү.

“Мына жакында бизде депутаттарды шайлоо тынч, адилетүү болуп өттү. Бийлик башына ишенимдүү жакшы адамдар келсе мамлекетибиз оңолот,-деп

Жыйындын соңунда окуучулар үчүн түшүнүнүксүз болгон суроолорун беришип, жоопторду ала алышты.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова.

«Сынак үчүн»