Ысык көл облусунун туп районунун чон тогузбай айылында спорт зал жок болгондугуна байланыштуу окуучулар кошуна айылга барып машыгышчу. Учурда спор зал салынып ишке берилгени жатат. Жаңы салынып жаткан спорт зал заманбап үлгүдө салынууда.
Мамытов Кубанычбек атындагы мектептин мүдүрү Эркинбек Садыровдун айтымында спорт залдын салынуусуна 14 миллон сом акча сарыпталган.
“ Спорт залдын салынуусу жаштарга келечеке балдардын ден-соолугуна алардын өсүп жетилүүсунө Кыргыз элинин балдарынын ден-соолугунун чың болушуна абдан жакшы өбөлгө түзөт. Мектеп окуучулар келечекте спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мыкты спортчулар чыгат деп ишенем”-деп айтып өттү Садыров
Аталган мектептин дене-тарбия мугалими Жанарбек Жумакадыров билдирүүсүндө спорт залдын ачылышы 5-ноябнга болжонуп жатат. Буга чейин Жанарбек валейбол боюнча мектеп курама командасын түзүп мелдештерде алдыңкы оорундарга ээ болуп келишкендигин жана жаңы спорт зал ишке кирсе дагы чоң ийгиликтерге жетебиз деген оюн билдирди.
“Спорт залда валейбол, васкетбол жана футбол, күрөш боюча машыкса болот. Баардык шартар бар. Бул курулуштун ачылышы баарыбызга пайдалуу болот”-деп билдирди Жумакадыров.
Мамытов мектебинин окуучусу Мадина Эсенгелдиева валейбол кыздар командасынын капитаны. Спорттун бул түрү менен 4жылдан бери алектенип келет.
“Мурда биздин айылда спорт зал болгондуктан коңшу айыл Тасмага барып машыкчубуз. Кээ бир күнү кеч келип калабыз. Муздакта ар кандай кыйынчылыктар болчу эми өзүбүздүн айылга ачылып жатат абдан кубанып жатабыз. Биз буга чейин деле алдыңкы оорундарды ээлечүбүз мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм”-деп билдирди Эсенгелдиева
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Айпери Темирканова, Назми Социалова, Мадина Эсенгелдиева.
“Сынак үчүн”