"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:»Мүмкүнчүлүгү чектелсе дагы айыл элине пайдасы чоң»

21 Октябрь 2015 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 79

    Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Бакыт Кудабаев  биринчи топтогу майып болсо дагы айыл тургундарынын иштебей калган кир жууган машина, муздаткыч, сыналгы, үналгы, нан бышыргычтарын оңдоп, бут кийимдерин тигип чоң пайдасын тийгизет дешет айыл тургундары.

       Бул тууралуу Бакыт Кудабаевге кайрылсак, ал бул өнөрдү эч ким үйрөтпөгөнүн,  өзүнүн жөндөмү экендигин айтты.20151012_041327

  “Менин бутумдун баспаганына 23 жыл болду. Курулушта иштеп жатканымда кулап кетип, белимен жаракат алганыма байланыштуу баса албай калгам. Бош убагымда бөлмөмө кирип, элдин бузулуп калган буюм-тайымдарын оңдойм. Пенсиям эч нерсеге жетпейт” – деп билдирди.

Кошунасы Касымова Гүлзат Бакыт абанын аракетчил, жашоого болгон умтулуусу, айыл тургундарына чоң жардам көрсөтөөрүн билдирди.

20151012_042140

“Бакыт абанын баспай калганына көп жыл болду. Эгерде анын ордунда башка киши болсо эчак үмүтүн үзүп, олтуруп калмак, бул Бакыт абанын жашоого болгон үмүтү чоң, Айылдагы элдерге аябай көп жардам берет. Айылда бут кийим оңдоочу жер жок болгондуктан, көбү Бакыт абага кайрылат” – деди.

Бакыт абанын айылдашы анын чебер, жардамын аябаган ,таланттуу адам экендигин айтты.

20151012_043326

“Бакыт аба айылдын таланттуу адамы. Анын чеберчилиги да бар, жыгач жана темир уста. Айылдагы элдердин бузук техникаларын, бут кийимдерин оңдоп, чоң пайдасын тийгизет. Мындай адамдар абдан сейрек кездешет, Бакыт абаны айылдагы адамдардын баары билет. Анын өнөрүнүн өөрчүшүнө бутунун баспаганы чоң себеп болуп жатат го деп ойлойм” – деп билдирди.

 

Даярдаган:  Саадат Турдуматова,Салават  Жангабулов , Гүлжанар Кудайбергенова.

«Сынак үчүн»