"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Айылга клуб керек»

5 Ноябрь 2015 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны: 157

            Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Тасма айылында клуб курулган эмес.Негизинде мурда клуб болгон 1979-жылдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген да кийин кайра курулган эмес.Эгерде клуб болсо айылдагы жаштардын ачылбай жаткан таланттары ачылмак дешүүдө.

Жана ар кыл жерден келген адамдарды жакшы жака үндөгөн тасмалар келмек деген оюн билдиришүүдө.

Айыл тургуну Бексултан Нарбек уулу клуб элге керектигин баса белгиледи. Жана клуб болсо жаштардын бардыгы ырларга бурулуп бизден өнөрлүлөр да чыкмак деп баяндайт.

20151008_235033

“Негизи клуб болсо жакшы болмок бизге ошо концерт келип көп-көптөн азыр клуб жок эле концерттер келбей калып жатат..Жакшы болмок негизи.Мурда клуп болгон анан бузуп кетшкен да,сатып ийишкен.”

Айыл башылардын бири Нурбек Усенов мурда негизинен клуб бар болчу бирок жер титирөөдөн кийин жарабай калган андан  кийин салынбай калган дейт.Азыр биздин салганга акча каражатыбыз жетпейт,бирок азыр биз АРИС праграмасына кирип жатабыз эгерде өтүп кетсек клуб салганга мүмкүнчүлүлүк алабыз деп жооп узатты.

20151009_020953

Эмне себептен Тасма айылына клуб курулган эмес?

“Негизи Тасма айылында клуб бар болчу 1979-жылдагы жер титирөодөн улам жараксыз абалга келип ошол себептен түп орду менен бузуп жок кылынган.Ошондон бери Тасма айылында клуб жок.Бирок аракет кылып атабыз аракет кылган менен биз АЦЦиядагы айыл өкмөт болгондуктан өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жок клуб салганга.Быйыл аракет кылып атабыз АРИС прогроммасына кирип жатабыз кудай буйурса өтүп кетсек клуб салганга мүмкүнчүлүгүбүз болот.”

Азыркы учурда мурдагы клубтун деңгелине жетээрлик клуб курулабы?

“Андан ашыкча курулуусу мүмкүн”-деп билдирди Үсөнов.

Мектеп окуучусу Айзада Талантбекованын билдирүүсүндө.Клубдун айынан кээде окууну токтотууга туура келет. Клуб болсо ар кандай семинарларды клубдан өткөзүшсө сабакка залакасы тийбейт эле.

20151008_233316

Айылда клуб ачылса сиздерге кандай болот деп ойлойсуз?

“Оба балким клуб ачылса жеңилдик болмок деп ойлойм. Анткени деген жакында эле болуп өткөн шайлоодо   шойлоо учаскасы жок болгондуктан мектептеги окууну токтотууга туура келди. Эгерде клуб ачылса ар кандай мерапияталарды ошол жерден өткөрүп,конкурстарды дагы ошол жерден өткөргөнгө окуучуларга дагы жакшы болмок жана эч кандай окууга тосколдуктар болмок эмес деп ойлойм.”

Клуб жоктугунан кандай учурларга туш келдиңиздер эле?

“ Айылда клуб жоктугун байланыштуу бизге концертертер келбей калат. Анткени биздин мектептеги актовыйзал абдан кичинекей ал жерге окуучулар батпай калышы мүмкүн»-деген оюн айтып өттү Талантбек кызы.

Даярдаган:Айдана Саякова, Нуржанат Советбек кызы

“Сынакка”