"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: “Саадабаевдин 34 жылдык үзүрлүү эмгеги”

10 Ноябрь 2015 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны: 230

 

20151007_092555 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин мугалими Саадабаев география сабагынан 34 жылдан бери эмгектенип келет. Ал бул тармакта ийгиликтерди жаратып «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон.

Ороз агайды чогуу иштегн мугалимдери, билим берген окуучулары дагы жылуу сөздөрүн айтышат.Ороз Саадабаевдин айтымында   аябай айдоочу болгум келчү, автобус айдаганга кызыкчумун деп билдирди:

20151007_092623

Мугалим болгону жатканда география факультетин тандап алгам, себеби мага география сабагы жакчу, өзүм дагы ушул сабактан бергим келчү, бул сабак абдан кызыктуу, Окуучуларга кененирээк маалыматтарды берим келет»-деп билдирди Саадабаев

Көп жыл мурда агайдын окуучусу болуп, облустук олимпиадаларда орун алып, республикалык олимпиададан экинчи орунду алган окуучусу азыркы мектептин окуу завучу Шалтабаева Кундузга буларга токтолду:

“Ороз агай мектепте окуучулардын , мугалимдердинарасында кадыр-баркка ээ. Окуучулар агайдын сабагын өзгөчө жакшы көрушөт.Бул география сабагынан республикалык, облустук олимпиадалардан көп ийгиликтерди жаратышты. Мисалга алсак: 1993- жылдары алып барыпжургон окуучулар республикадан биринчиоруналып, Караколдогу пед инстутка, анан улуттук университеттин география факультетине бекер орунга өткөн окуучулары болгон. Андан кийин 3-4 жыл мурдагы 2012-2013-2014- окуу жылында агай “Биз жыйырманчы кылымдын интеллектуалдарыбыз” – деген республикалык сынакка окуучулар менен экологиялык темада долбоору орун алып, бир окуучусу палиттехникалык институтка өткөн. Ороз агай озү чыгармачыл адам, кабинетине кирсек аябай жаркырап турат.Мен дагы агайдын окуучусу болучумун сабагын өтүпжатканда Африка жөнүндө айтып атса Африкада жүргөндөй элестетип, Антарктида жөнүндө айтып жатса, ал жургөндөй сезилет. Кошумча маалыматтарды көп айтып берет, өзүнүн мүнөзү дагы мугалимдик кесипке ыңгайлуу” – деп билдирди  Шалтабаева.

20151009_173133

 Нурдин Темирбек уулу учурда «Манс-Түрк» универистетинин студенти.География сабагы боюнча Ороз агй мнен чогуу сынактарга, олимпиадаларга барып, чоң ийгиликтерге жетишкен окуучусу агайдын аябай чынчыл, ишине так мугалим, беген билими азыркы учурда ага чоң таасирин тийгизгенин айтты:

“Ороз агай тууралуу айтып кетсек, ал мен үчун абдан жакшы мугалим, анын берген билими менин жашоомо чоң таасирин берген. Озуно аябай так жүрөт, мага дагы так жүргөнгө, бир нерсеге умтулууга үйрөткөн. Агай мнен көптөгон сынактарга, олимпиадаларга бардык. Ороз агайдын башка мугалимдерден өзгөчөлүгү сабакты эң сонун берет. Кийин окууга тапшырганда агайдын дүйнө таанууну өстүргөнүнүн жардамы тийди. Мен агайга өзүмдүн ыраазычылыгымды билдиргим келет, окуучуларга азыркы учурдагы маалыматтардан бери газета, китептерден таап, жеткиликтүү кылып түшүндүрөт” – деди Темирбек уулу.