"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектеп айланасын тазалоо иштери болуп өттү

10 Ноябрь 2015 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны: 127

 

20151103_125152Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Бул ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышышты, алар мектеп тегерегиндеги таштандыларды жана жалбырактарды тазалашты. Бул иш чара тазылака жана балдарды эмгекке үндөйт деп билдиришүүдө.

Сопиев мектебинин организатору Назира Өмүрзакова бул иш чара окуучуларды табият менен таттуу мамиледе болууга үйрөтөт деген оюн айтып өттү.

20151103_125353

“ Бул иш чаранын максаты тазалыкты кармоо. Учурда окуучулардын баардыгы өздөрүнө берилген жерди тазалап жатышат”-деп билдирди Өмүрзакова.

Мектеп парламентинин экология министри Дамир Улан уулу ар бир класска бөлүнгөн жерди тазалап жатышат. Башкы максатыбыз тазалык деп билдирди.

“Бул ишенбилик негизи күзүндө жана жазында болот. Учурда жалбырактар жерге түшүп калганына байланыштуу кардын астында калтырбай тазалап жатабыз”-деп айтты Дамир Улан уулу.

Аталган мектептин 5-классынын окуучусу Адинай Бекешованын бири-бирибизден калбай айлананы тазалап жатабыздейт.

20151103_132841

“Биз класстагы окуучулардын баардыгы өзүбүзгө бөлүнгөн жерди тазалап жатабыз. Тазалап койсок мектептин тегереги таза болуп жакшы болот. Биз ойногондо да таза жерге ойнойбуз”-деген оюн билдирди Бекешова

Даярдагандар: Нуржанат Советбек кызы, Гүлзар Курманбек кызы.

“Сынак үчүн”