"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмадагы жалпы мончо тургундарга кызмат кылууда

10 Ноябрь 2015 жыл 16:45
Көрүүлөрдүн саны: 124

 

20151024_152703Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында мончо ишке кирди. Мончо айылдын так ортосунда жайгашкан.Мурун эски,таза эмес болчу учурда мончо оңдолуп-түздөлдү. Мончо ишенби жекшенби күндөрү айыл тургундарга кызмат кылат.

Мончонун директору Кенжебек Бейшенбиевдин айтымында мончону оңдоп түзөөдө   көп элекыйынчылыктар болду. Алар каражат жагынан кыйынчылыкта болду жана дагы мончого керектүү буюумдар кымбат экен.

“ Мончо өтө эски болуп калганына байланыштуу аны кайра жаңыртуу да кыйынчылыктар болду. Айыл тургундары келип түшүшүүдө. Баасы шардыкынан арзан 80сом, ал эми окуучуларга 60сом”-деп айтып өттү Бейшембиев.

Бейшембиевдин жубайы Сагынай Осмонакуноваын билдирүүсүндө мурункуга караганда шарттары жакшырыды.

“Айыл тургундары айтып жатышат мурдакыга караганда мончо тазарып, шарттары жакшырып калды. Айыл тургундары ишенби күндөрү аялдар кыздар, ал эми жекшенби күнү эркектер келип түшүшөт”-деп билдирди Осмонакунова.

Айыл тургуну Атыркул Кылычбаева мончонун ачылганы айыл тургундары үчүн жакшы шарт тузулду.

“ Мончону ишке киргени айыл тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Жумасына бир жолу барып түшүп турсак жакшы да”-деген оюн билдирди.

Даярдагандар: Насият Орозакун кызы, Адина Игнатбек кызы.

«Сынак үчүн»