"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Окуучулар табияттын ар кандай кырсыктарына дярданышууда»

20 Ноябрь 2015 жыл 18:28
Көрүүлөрдүн саны: 108

 

20151113_104755Учурда Кыргызстан аймагында жер титирөөлөр болуп жатканына байланыштуу.  Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы  Сопиев атындагы  мектебинде  окуучулары жер титирөөгө байланыштуу иш чара болуп өттү.Бул иш чара жыл сайын, кээде ай сайын болуп турат. Мындай иш чара болуп туруш керек. Себеби сактык ар бирибизге керек дешет.

Бул иш чара күтүүсүздөн болуп өттү.Себеби дегенде кырсык айтылбай келет эмеспи ошол себептен айтпай жасаштыдеп баяндады 8-классынын окуучусу Нуриза Нурлан кызы.

«Бул иш чара өтө пайдалуу болду негизи табийгый кырсыктар айтып келбейт. Ошондуктан баардыгыбыз даяр болушубуз керек.Чынында корктук башталгыч класстанда эки бала жыгылып кетип колдорун оорутуп алышты.Бирок негизи аларга айтылган чоңдорго айтылган эмес.»

Ушул эле мектептин география мугалими Ороз Садабаев бул иш чараны баардык мектептерде өткөрүш керек болуп жатат.Бизде үч кабаттуу мектеп болгондон кийин тез чыгып кетүү кыйын болууда деп билдирди.

20151113_104816

«Негизи өзгөчө чоң балдар менен кичинекей балдар аралашып түшкөндө өтө чоң коркунуч болууда.Анын үстүнө кошумча эшиктер ачык болбондуктан бүгүнкү күндө чоң көйгөй болду.Себеби дегенде эшиктин алдынан батпай бири-бирин тебелегенге чейин барып калды.Биздин мектеп чакаан болгондон кийин бир минутага жетпей чыгуу керек болчу.»-деген оюн айтып өттү Садабаев.

Бул иш чара негизинен мурункуга караганда жайыраак болуп калды.Мурда бат чыкчуубуз деп билдирди 11-классынын окуучусу Бекзада Темирбек кызы.

«Бул жолу кошумча эшиктер ачылбай бир эшиктен чыгып асты кулап тебеленип ошондой жаракат алгандар болду. Аз мөнөттө чыгыш керек болчу бирок бул көпкө созулуп кетти»-дейт Темирбек кызы.

Даярдаган: Айдана Саякова

«СЫНАК ҮЧҮН»