"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада келечекте кесип тандоо боюнча семинар болуп өттү

20 Ноябрь 2015 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 102

 

wpid-20151113_120309.jpgЫсык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 9-10-11-класстар үчүн окуу болуп өттү. Бул окууну Германиянын DW Akademie Eurasia уюму каржылап, Жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцациясы (АОСМИ) уюштурду.

Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү бөлүмүнүн адиси Бегайым Орозакунова алып барды.Анын айтымында учурда жогорку окуу жайды бүтүргөн диплому бар жаштар иш менен камсыз болоалбаймигрант болуп кетүүдө. Ошондуктан ар бир окуучу келечекте иш менен камсыз боло турган, өзү каалаган, шыгы жөндөмүнө жараша кесип тандап алышы керек.

wpid-20151113_120335.jpg

Сопиев мектебинин 10-классынын окуучусу Бегимжан Албанбай кызынын билдирүүсүндө, бүгүнкү семинар өтө таасирдүү болду.

“ Азыр көп эле жаштар баарыбызга белгилүү болгон юрист, жактоочу жана башка ушул сыяктуу кесип ээлери болом дешет. Бирок окуусун аяктаган соң чындыгында эле жумуш табылбай бош жүрүшөт. Мен бүгүнкү окуудан кийин кесиптик лицейден билим алган окуучулар үчүн жакшы жеңилдикттер жана иш менен камсыз болуп алышат экен деген ойго келдим”-деп айтып өттү Албанбай кызы.

wpid-20151113_122138.jpg

Орозакунова акырында баардык окуучуларга  “Келечекте өзүңөр каалаган, иш менен камсыз болгон, өзүңөр сүйгөн кесип тандагыла”-деген оюн айтып өттү.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова