"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: “ Гүлгүндөй убагында Баткен жаңжалынан каза тапкан Аваз Дүйшөбаев”

21 Ноябрь 2015 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны: 75

 20151105_174028

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Аваз Дүйшөбаев 1978-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы 5-ноябрда аскерге кеткен.Ал учурда Баткен жанжалы чыгып,согушка катышып окко учкан.Учурда өзү жашаган көчөгө аты берилген.

  Дүйшөбаев А.Сопиев мектебин бүтүргөн соң, эконамист кесибин аркалоону самап Каракол шаарына окууга тапшырат да,ал жерди да ийгиликтүү бүтөткөн.

Апасы Жаңыл Дубанаева баласынын спортко кызыккандыгын жана мектепте ийгиликтүү окуганын бадасын кайгыруу менен эскерет.

20151105_133732

“Балам мектепти бүткөн соң Каракол шаарындагы Москва инистутунда эканамист менеджер факультетин бүткөн соң, мурунку учурда ваенный кафедран болчу эле ошонусу жок болгондугуна байланыштуу аскерге кеткен.Ошол учурда Баткен согушу чыгып ошого катышып 2000-жылы 10-август күнү каза тапкан.Аскар Акаев биздин ал-акыбалыбызды сурап турчу,кийин унуткарылып калды. ”

Сопиев мектебинде “Аваз” атын алып жүргөн өзүн-өзү башкаруу уюму иш алып барат. Аталаган мектептин призденти Айгерим Кубатбекова бул уюм туурасында төмөнкүлөргө токтолду.

“Бул уюм мурда “Жоогазын”, “Асаба”-деген ат алып жүргөн экен. 2000-жылдан бери “Аваз” деген ат алган. Учурда бул уюм мектеп иштерин алып барат, жана дайыма Аваз аганы эскерип үлгү тутат”-деп билдирди Кубатбекова.

Адилет Жакыпбаев айыл тургуну Аваз көчөсүнүн жашоочусу анын айтымында көчөнүн аты Дүйшөбаев  аталганынын себеби жаш курагында согушка катышып курман болгон.

20151105_171440

“Дүйшөбаев өзү эр жүрөк бала экендигин билип эле жүрөбүз.Өзү жапжаш курагында согушка катышышы эмне деген зор.Биздин айылыбыз сыймыктана турган балдарыбыздын бири»-деп билдирди Жакыпбаев.

Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы

«Сынак үчүн»