"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада ички көчөлөрдүн бири Тынтай көчөсү оңдолду

24 Ноябрь 2015 жыл 19:11
Көрүүлөрдүн саны: 97

20151111_153653Тасма айылынын Тынтай көчөсүндө оңдоп- түзөө иштери жүрдү. Тасмада төрт узун көчө бар. Буга чейин Тасманын ички жолдору оңдолуп жаткан.Бул жолду көчөнүн жашоочулары жана айыл өкмөтү каржылады.

 

20151024_131151Айбек Алымовдун айтымында бул жолдун оңдолуп жатканы балдардын келечегине,ары-бери басканына жакшы эле болууда .

“Жол оңдолгону жакшы болду.Элдер өзүлөрү акча чыгарышты. Элдер да чуркап айыл өкмөтү да жардам берип жатат. ”-деп билдирди Алымов.

Айыл тургуну Чолпон Басылбекованын билдирүүсүндө жолдун оңдолушу адамдарга гана эмес, унааларга да жакшы болду.

“Ар бир үй миң сомдон чыгардык. Бизде үч огород бар болчу үч миң сом бердик”-деп айтып өттү  Басылбекова.

Айыл тургуну Эрлан Тойтоев айылдашын колдоп жолдун оңдолушуна кубанычын жашырган жок.

“Жолдун оңдолгону жакшы болду. Жолубуз түз болсо баарыбызга пайдасы тиет.”-деген оюн айтып өттү Тойтоев.

Даярдагандар: Айдана Саякова, Ширин Акунова.

“Сынак үчүн”