"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сүрөт: Тасмада мал ооруларына каршы эмдөө жүрдү

25 Ноябрь 2015 жыл 19:07
Көрүүлөрдүн саны: 84

 

фото1075Көл-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында мал ооруларына каршы кан алынып, укол куюлду. Бул иш чара бодо малдын шарп,бурцулоз ооруларын алдын алуу катарында жүргүзүлдү. Аталган эмдөө алты айда бир болот.

 

фото1083Эгерде бул нерселерди аткарса мал оорулары көп катталбасын билип, тургундар  дагы бардык бодо малына эмдетишти. Айыл тургундарынын негизги чарбаларынын бири мал чарбачылык болгондуктан. Малдын этин, сүтүн пайдаланышат, ошондуктан элдер малдарын текшертип, убагында даарылатып турушарын айтышат.

фото1074

Айыл тургуну Гүлназ Жумагулованын айтымында бардык бодо малыбызды алып чыктык мал таза болсо өзүбүзда таза болобуз деп баяндайт.

фото1089

“Бул кан алуу жана укол куюу бурцулоз ооруларына кашы жүргүзүлүп жатат. Ар бир адамдын өзү үчүн  керек себеби айтып коюшат эмеспи, мал таза болсо адамдын өзү да таза болот деп. Эми бардык бодо малдарыбыды алып чыктык, кичинекей торпокко чейин.”-дейт Жумагулова

фото1076

Ал эми аталган айылдын мал доктору  Турусбек Ибраевдин айтуусу боюнча бул укол куюу жана кан алуунун башкы максаты малдарды бурцулиоз жана шарп ооруларына каршы деп билдирет.

“Кан алганыбыздын себеби бурцулиозго каны текшерүүдөн өтөт.Ал эми бакцинатты шарпты алдын алуу үчүн куюлат.Булар бардыгы прапилаптикалык алдын алуу иштери. Бул алты айсайын кайталанып турат.Ал эми баасы болсо уколдуку 35 жана кандыкы дагы 35. Тасма айылынан бардык жагынан алам жалпы алты кезүүдөн алам.”

фото1088

Айыл тургуну Акыл Турсуналиевдин айтуусунда кан алдыртып укол куйдуртуп алсак адамдар өзүбүз үчүн эле жакшы, кээ бир адамдар акчасын аяп сайдыртпай коюп ооруну күч болуп кетет деп баяндайт.

фото1080

“Кан алуу бул эми ар бир адам өзү үчүн керек, кокус малыбыз ооруп калса адам үчүн эле жаман.Кээ бирлери бар акчасын аяшат бирок алардыкы ооруп калса өзулөрүнүнө эле жаман болот. Барыбыз тең тазалатышыбыз керек, баары таза болсо жакшы.Уколду да ооруларга каршы сайышат.Баардык малдарыбызга сайдырып жатабыз.Мен бардык малдарымды алып чыктым”-деди Турсуналиев

фото1091

 

Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы.

«Сынак үчүн»