"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада сармерден болуп өттү

1 Декабрь 2015 жыл 16:59
Көрүүлөрдүн саны: 98

20151201_130213

Ысык -көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев  мектебиндеги 7-класстар арасында биринчи жолу сармерден өттү. Бул иш чара мамлекеттик кыргыз-тилдин үч айлыгынын жыйынтыктоо иретинде болуп өттү.

Сармерденге аталган мектептин 7-а жана 7-б класстары катышышты. Бул сармерде таймаш түрүндө болуп эки класс жаңылмачтарды, ырларды, табышмактарды айтышып кыргыздын улуттук баалулуктарына көңүл бурушту. Сармерденге ортодогу тыныгууларга ата-энелер дагы катышып, өздөрүнүн талантарын көргөзүп ыр тартуулашты.

20151201_130700

Сопиев мектебин кыргыз тил жана адабият мугалими  Айымбүбү Бегимбаева класстардын даярдыгы күчтүү экенин билдирди. Анын айтымында бул иш чаранын максаты окуучуларды ынтымакка үндөө бир максатта болуу деп билдирди.

,,Сармерден балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жакшы деңгээлде болду. Мага эки класстын тең аткарган иштери жакты. Калыстар тобунун чечими боюнча эки каманда тең 16деген упайга ээ болушту ошондуктан тең болуп калды”-деп баяндады.

Аталган мектептин 7-классынын окуучусу Бурул Кадырова бүгүнкү сармерденге активдүү катышып, ырдап бийлеп, көрүүчүлөрдү таң калтырды. Анын билдирүүсүндө мындай иш чаралар көп болуп турса деген оюн айтып өттү.

,,Мен бул сармерденди аябай күткөн элем. Мага баарынан дагы эки класстын таймашып бири-биринен калбай эмгектенгендери аябай жакты. Сармерденде ата-энелерибиз дагы катышып ырдап көңүлүбүздү көтөрүп катышып кетишти.”-деп билдирди Кадырова.

Тасма айылынын тургуну ата-эне Сагынай Осмонакунова бүгүнкү сармерден өтө жакканын айтат. Осмонакунованын сөзүндө ата-энелер балдарынын кастюмдарын даярдап, колдон келген жардамдарын көрсөтүштү жана алардын таланттарына күбө болушту.

,,Мага бул сармерден аябай жакты бул сармерден мурда болбогондуктан кызыктуу өттү.Эми дайыма ушундай майрамдар болуп турса жакшы эле болмок .Сармерденде 7-б  класс өзүлөрүн жакшы көрсөттө алды деп ойлойм.Сармерденге ата-энелер дагы катышышып ырдап ,бийлеп көңүл ачып кетишти”-дейт Осмонакунова.

20151201_130530

 

Даярдаган: Гүлзар Курманбек кызы.

“Сынак үчүн”