"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Күз мезгили тойлордун убагы түшүмдүн жыйналуусуна байланыштуубу?

13 Декабрь 2015 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны: 87

Ысык-Көл облусунун  Түп районундагы Тасма айылында үйлөнүү тойлору болууда. Бул учурда элдер күзундө эгин-тегинден, картошкадан алган түшүмдөрүн жыйнап, аларды саткан акчаларына  ар кандай тойлорду берип жаткандарын билдиришүүдө.  Бул тойлордун ичинен өзгөчө үйлөнүү тойлору күч болууда дешүүдө.

Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тасма айылында акыркы жети жылда үйлөнүү тойлорунун кандай өткөндүгүн, тойлордун түшүмдүн аз же көп болушуна карап берилгендигин, быйылкы жылга салыштырмалуу азайганын , учурда тойлордун көбү тойканага өткөрүлүп жатканын айтат. Ал эми үйлөнүү тойлорун алсак акыркы жети жылда эң эле көп үйлөнүү той болгон жыл 2012-жыл. Бул жылы 48 үйлөнүү той болуп, 48 никеге туруу болгон.

Быйылкы үйлөнүү тойлор былтыркыга салыштырмалуу азыраак. Статистикага таянсак, болушу мүмкүн түшумдун аздыгы. Ал эми бешик тойлорду алсак аны дагы өткөрүп атышат айылда. Алар эми өздөрүнүн үй-бүлөлүк шартына карап өткөрушөт.. Айыл боюнча үйлөнүу тойлордун    5-10 %и кафелерге өткөрүлүп жатат. Эми жаштардын көз карашына ылайык кафеге той өткөрүү заманбап талапка ээ деп ойлойм. Ал эми үйлөнүү тойлору айылдарда деле болот, алар өзүлөрүнүн шартына жараша өткөрөт.” – деп билдирди Ногоева.

Айыл тургуну  Бурул Абдылдаева жакында эле баласын үйлөнтүп той өткөзгөндүгүн айтат. Той күтүүсүз болгондугуна байланыштуу үйдөн эле өткөздүк болжол менен 200 миңдей акча сарыпталгандыгын билдирип өттү.

20151026_194628

Эми заыр күркүрөгөн күз мезгили деп коёт. Бул убакта элдин баары жазында сепкен эгиндеринен түшүм жыйнап, баккан малдары жайыттардан келишет, алар эттүү болот, негизи тойлор дайыма эле күз убагында башталат. Себеби береке күзүндө болот. Эми алардын саламатчылыгын, аманчылыгын тилеп жатабыз. Тойду үйгө бердик, бул бизге чоң кубаныч алып келди Тойду үйгө берген деле, тойканага бегрген деле бир чети жакшы.” – деп өз оюн айта кетти Абдылдаева.

Ушул эле суроо менен айылдын тургуну Динара Кенжеева кайрылсак ал мындай деди.

“Биздин кызыбыз жакында эле турмушка чыкты. Анын үйлөнүу тоюна барып келдик. Үйлөнүү той көбүнчө күзүндө болот экен. Күркүрөгөн күзүндө ошондой  тойлор көп болот экен. Бул убакта элде акча көп болот, түшүм көп болот, күздүн эң эле жаркыраган күндөру болот, токчулук күзүндө болот”-дейт  Кенжеева

 

 

Даярдаган:  Саадат Турдуматова

Сынак үчүн