"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Окуучулардын билим сапаты кандай?»

13 Декабрь 2015 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 87

     Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин  билим сапаты кандай? Жана ал кимге көз караанды? Бул суроого жооп издеп көрдүк.Ата-энелер, мугалимдер жылдан-жылга окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу азаюуда деген наарызычылыктарын билдиришүүдө.

Мектеп мүдүрү Алик Мамытов окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу ал үчүн канааттандырбагандыгын, эмнегедир окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу төмөндөп кеткендигин айтып өттү.

“Мени окуучулардын сабакка болгон еызыгуусу канаатандырбайт.  Эмне себептен? Анткени азыркы балдардын көз карашы такыр башкача. Мына азыр илим менен техниканын өнүгүшү менен балдар интернеттен өзулөрүнө керектүү маалыматтарды албай, керексиз маалыматтарды алып, ойлору тетири жакта болуп калды .Жакшы окуган окуучулардын саны азаюуда деп айта албайм. Бирок, китеп окуп, китептен маалымат алган балдардын саны азаюуда деп айтсам болот. Карасак, башталгыч класстарда балдар аябай жакшы окушат. Ал эми ортоңку тепкичти аттагандан тартып кызыкпай улам-улам төмөндөп баратат. А жогорку класска барганда сабакка көңүл бөлгөн окуучулардын саны кескин азайып кетет. Кызыгуу азайбаш үчүн ата-эне, мугалим, коомчулук, баарыбыз бирге иштешибиз керек.ошондо окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу абдан жогору болот деп ойлойм.Себеби, ушул мезгилде коомчулуктун дагы тийгизип аткан таасири бар. Эмне үчүн мурунку мезгилде окуучулар аябай жакшы окуган? Себеби мыкты окуган окуучулар гана чоң окуу жайларга өткөн, ал убакта контракт деген жок болчу, биз окууга өтүү үчүн китептерди талашып окучубуз. Азыр окуу жайлар абдан көбөйүпкеткендигине байланыштуу акча менен эле өтүп кетишет.

Мектептин математикадан берген мугалими Эрмек Амазбеков окуучулардын сабакка кызыгуусу орто экендигин, адабияттан анча жакшы эмес экендигин билдирди.

“балдардын сабакка болгон кызыгуусу орто, толук өздөштүрүү боюнча адабияттан жетишпейт. Китептер дагы жетпейт, жаңы китептер керек. Окуучулардын дагы бир жагы компьютерге, уюлдук телефондорго көп кызыгышат, интернетке киргенде өзүлөрүнө керексиз маалыматтарды издешет, жаман маалыматтарды өзүлөрүнө алып, ошондуктан сабакка кызыгуусу төмөн. Сабакка кызыгуу азайбаш үчүн сабактын өтүү формулаларын өзгөртүп, балдарды жаңы китептер менен камсыз кылуу керек жана мугалимдердин билим-сапратын жогорулатуу керек. Мына ошондо окуучулардын билим-сапаты жогорулайт” – деди Амазбеков

                    Аталган мектептин 7-б классынын окуучусу Айсулуу карымшакова мектептеги окуучулардын билим-сапаттары жогорку класска барган сайын азаюуда деп билдирди

“менин оюмча окуучулардын билимге болгон умтулуусу мурункуга караганда өтө азайып кетти. Анткени азыр окуучулардын бардыгы башка нерселер мнен алектенишет. Өзүмдүн эле классым ды алсам, 5-класска чейин өтө жакшы окуган окуучулардан бешөө болчу, ал эми 6-класстан тартып кескин азайып кетти. Балдар кутуруп көрүнгөндү сүйлөшөт. Эгерде азыр телефон болбогондо, окуучулар жакшы окуйт беле деген ойдомун. “ – деп өз оюн билдирди Айсулуу.

Даярдаган: Саадат Турдуматова.

«сынак үчүн»