"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Чаргай свет, суу менен камсыздалып ат берилди

13 Декабрь 2015 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны: 90

20151112_150347Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы кичи  конушка  Акмат Мукамбетов аты ыйгарылды. «Nur fm» ЖМБдун карарчылары ал жактагы көйгөйдү мурдакы сандарда чагылдырышкан эле. Андан соң бул иш көйгөйдү чечкенге демөөрчүлөр табылып. Свет жана суу менен камсыз болушту.

 Бул жерде бардыгы болуп 65 түтүн жашайт. Конушта мурун суу жана жарык маселеси чечиле элек болчу. тургундар алыс жактан суу ташып, жарыктык начар болгондуктан түнкү саат экиде туруп нан бышырышчу. Аталган конушка Сталбек Мукамбетов  жакында эле бул жерге столбаларды орноттуруп, жарык  киргиздирип, суу чыгардыргандан чоң салымын кошкондон  кийин тургундар ага аябай чоң  ыраазычылыктарын билдиришти.

Түп районунун акими Ишен Кожалиевдин айтуусунда. Бул иш менен жазында таанышып, атайын кишилер менен келип сүйлөшүү иштерин жүргүзүшкөндүгүн айтат.

“ Анын жыйынтыгы чыгып, азыр баарыбыз чогулуп олтурабыз. Мен Тасма айылынын тургундарына айткан каалоом кичинекей балдар келечекте Кыргызстанды баккан, эли-жерин колдогон балдардан блсо дейм” – деп билдирди Кожалиев.

Аталган конуштун тургуну Зарыл Мадемилов конушка Сталбек Мукамбетов чоң салымын кошконун айтып өттү.

“Бул конуш түптөлгөндөн бери жарык маселеси чечиле элек экен, анан ушул маселени чечип алалы деп, Сталбек Мукамбетовго кайрылдык. Бизге демөөрчү болуп бериңиз десек, ал макул мен жардам берейин деди. Биз столба койгонго акча жетпейт десек, ал 300 миң сомдун тегерегиндей акча берди.анан ошол акчанын аркасы менен биз жаңы чубалгы алып тактык. Конушка мындай ат берилишине биз жалпы элдик чогулушта койгонбуз, депутаттар да колдоп беришти” – деп билдирди.

Конуштун тургуну Назира Магдаева азыр жакшы жашоо менен жашап калгандыгын, буга чейин көп жыл бою жарыктык,суу чыгаргандан кийин аларга жакшы болгондугун баса белгилей кетт

«Бүгүнкү күн биз үчүн эң эле жакшы күндөрдүн бири болду. Себеби биз 20 жылдан бери ушул жаңы конушта жашап келатабыз. Жарык аябай начар күйчү, балдарыбыз окуй алчу эмес, эч нерсе кыла алчу эмеспиз. Жакынкы арадан бери эле жарык орноткондон кийин, күндө жарык болуп,күчтүү күйүп калды.»-дейт Магдаева

«Бул жердин мурунку абалы азыркыга салыштырмалуу жакшы, үйлөргө суу киргизип жатабыз, жолдор оңолуп, балдарыбыз мектепке көңүлдүү болуп калышты.»-деп кошумчалады Магдаева

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова

«Сынак үчүн»