"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада 36 жылдан бери жаңыланбаган көпүрө коркунуч туудуруда

15 Декабрь 2015 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны: 99

             

20151027_145932Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы кире бериш көпүрө авариялык абалда.Бул көпүрө 1979-жылы курулган.Бирок көпүрө туура эмес курулгандыктан 2002-жылы кайрадан курулуп, ошол учурда толук кандуу курулбагандыктан жыл сайын уроо коркунучу тууларын айтышууда.

Айыл тургуну Нурлан Дубанаевдин өтүнүчүндө көпүрө учурда урап баштады,айыл тургундарынын көйгөйлөрүнүн бири экендигин жана каралбай жатканын баса белгиледи.

20151027_145726

“Азыркы көпүрө эки үч жылда бир оңдолуп турат.Бул көпүрөнү эми толук кандуу жасалыш керек.Жакшы ондобосо азыр анча-мынча эле оңдоп койушат кайра түшүп калат.Жакында эле карап койсо жакшы болот эле,азы тешилип калыптыр ошол жерлерин оңдоп ойулуп жаткан.Кээ бир байкабагандар ал жерден түшүп кетсе бүттү аварияга учурайт.”-дейт Дубанаев

Жыйырма жыл айдоочу болуп иштеген Нурбек Байбосуновдун айтымында ушул көпүрөнү оңдоп коюшса биз үчүн жакшы болмок, дайым тешилип калат эптеп өтөбүз.

“Көпүрөнүн абалы канааттандырбайт. Азыр ушул тешилип калды.Карап коюшса жакшы болмок.Биз ушул эптеп өтөбүз. Көпүрө эч жерден каралбай жатат. Тасма айылындагы көпүрө талапка жооп бербейт. Мен ушул айдоочу болгонума жыйырма жыл болду. Машиналарыбыз тез бузулат.”

Тасма айылынын жер адистиги боюнча Нурбек Усеновдун айтымында көпүрө тууралуу жогору жакка кайрылууда эч кандай натыйжа чыкпады көпүрөнү кимдер оңдорун билбейбиз,биздин каражатыбыз жетпейт деп баяндады.

20151028_170713

“Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 1979-жылы даярдалып ,жаңы типтеги көпүрө курулган .УОСтун суу-чарбасынын каталыгы менен,2002-жылы кайра салынган.Бирок толук кандуу болбогондуктан азыр уроо коркунучунда.Биз бул тууралуу райондук административге кайрылганбыз.Бирок ким тармпта экени белгисиз.Өзүбүз оңдогонго каражат жетишпейт.Бул көпүрө Тасма айылынын көркүн бузат.”

Даярдаган :Нуржанат Советбек кызы

“Сынак үчүн”