"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:“Келгиле өз колубуз менен балаты жасайбыз” сынагы болуп өттү

30 Декабрь 2015 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 126

     

20151225_123956Түп районундагы Тасма орто мектебинин 3-4-5-6-класстар арасында “Келгиле өз колубуз менен балаты жасайбыз”аттуу сынак болду. .Сынак  нур fm  жамааттык мультимедия борбору тарабынан уюшулду.

Аталган сынак  «нур fm» ЖМБу тарабынан уюштурулду. Айгерим Кубатбекованын айтымында бул иштин максаты окуучулардын ойлоо жөндөмдүлүгүн өстүрүү. Келе жаткан жаңы жыл майрамга карта өтүлгөн иш чара экенин белгилеп өттү.

“Биз окуучулардын балаты жасоосуна ар бир класс класс жетекчилери  менен бирдикте топ түзүп жасоосун билдиргенбиз. Окуучулар  активдүү катышты. Биз да аларды кызыктырган белектерди алып койгонбуз. Жыйынтыгында 5-б класс биринчи орунга , экинчи оруга 4-б класс үчүнчү болуп 4-а класс ээлешти.”-деп билдирди Кубатбекова.

Сопиев мектепинин мугалими Назира Өмүрзакованын билдирүүсүндө сынак абдан жакшы өтүп жатат,окуучулар өзүлөрү балаты жасап оюндагыларын кошуп кооздоп жатышат деп билдирди.

20151225_115346

“Бүгүнкү иш-чара абдан жакшы өтүп жатат,окуучулар өз колу менен балаты жасап фантазиялап жатышат.Өзүлөрү эле эң мыкты өтүп жатат.Бул сынак өткөрүлгөнү жакшы эле болуп жатат , окуучулар үчүн жакшы.Мындай иш-чаранын дагы  өтүшүшүнө тилектешмин.Окуучулар буларды жасоо менен логикалык жөндөмү өсөт.”-деген оюн билдирди Өмүрзакова.

Сынактын катышуучуларынын бири 5-а классынын окуучусу Айдана Алтынбек кызынын айтымында бул сынак өтө кызуу өтүп жатат,сынак мага абдан жагып жатат .Ар кимибиз эрте бүтүп биринчи орун алып алсак деп жасап жатышат деп билдирди.

“Бүгүнкү сынак өзгөчө кичине балдарга кызыктуу болуп жатат.Бул сынактан көп нерселерди биле алдык.Өзүбүзгө дагы жакшы болот.Биз сатып албастан өз колубуз менен жасасак көрктүү көрүнөт.Ошол себепте бул сынактын таасири чоң. Сынак өтүп жатканы жакшы болду.”

 

Аталган сынакта  жеңүүчү деп табылган 5-б класстын  класс жетекчиси Бактыгүл Шейшееванын билдирүүсүндө дагыда ушундай сынактар көп  болушун кааларын  уюштуруучуларга ийгилик каалап ыраазычылыгын  билдирип өттү.

“Бүгүнкү конкурс эң жакшы өттү,барыбыз бирдикте колго балаты жасадык. Дагы өтүлүүсүн каалайбыз. Ушу окучулардын ойлоо жөндөмдүлүгүн өстүрөт ошону менен катар колго жасоону дагы үйрөтөт. Негизинде колго жасалган нерселер чынында эле кооз көрүнөт да. Эми ушул радиодогуларга рахмат дагы уюштуруп тургула.”-дейт Шейшеева

Даярдаган:Нуржанат Советбек кызы

“Сынак үчүн”