Азыр Тасмада эле эмес башка аймактарда да картошка арзан болууда. Мунун себеби Кыргызстан бажыга киргенде теңге түшүп кеткенден улам болуп жатат. Ал эми картошканын негизги алуучу баасы үч сомдон беш сомго чейин болууда. Бул баа дыйкандарды канаттандырбайт.
Тасма айылынын тургуну Сонунбүбү Жангазиеванын айтымында картошканын баасы аны канаттандырбайт. Быйыл эки тонна түшүм алып,бир тоннасын беш сомдон сатып жибердик деп билдирип өттү.
“Быйыл картошкадан орто түшүм алганбыз. Желе картошкасы эле түшүмдүүлүгү орто болду. Арзан болууда. Картошканын баасы канаттандырган жок арзан болуп атат.Былтыр жакшы болгон,быйыл начар.Картошка элде көп болду быйыл. Эгер чет мамилекетен алып калса кымбатташы мүмкүн,болбосо беш сомдон калат.”
Ал эми картошка алуучулардын бири Исмагул Шаршембиевдин айтуусунда бажы себепкер болуп жатат , ал эми саткан элдер арбын деп баяндайт.
“Учурда картошканын алыш баасы төрт жана үч сом болуп жатат.Жакшысы болсо төрт сом орточосу үч сом болууда..Ошого жараша болуп жатат.Эгерде мурдагы баа менен болсо он беш сомдон болмок.Картошка саткан эл көп.”
Картошка сатуучулардын бири Гүлзат Калиеванын билдирүүсүндө учурда картошконы беш сомдон сатып жатабыз , түшүмү негизи жакшы болгон бирок баасы мени канааттандыбайт деп билдирди.
“Биз ушу азыр картошканы беш сомдон сатып атабыз, негизи түшүмдүүлүгү мол болгон бирок баасы ылдый болгону дыйкандардын эмгегин актабай калатго эми билбейбиз.Ушунча эмгектенгенден кийин актаса жакшы болмок. Былтыр он сегиз,он жетиден сатканбыз быйыл дагы ошондой болот деген үмүт менен септик эле.”
Даярдаган:Нуржанат Советбек кызы
“сынак үчүн”