"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасманын окуучулары райондук “акыл таймашта” баш байгеге ээ болушту

5 Январь 2016 жыл 16:53
Көрүүлөрдүн саны: 58

20151031_112341

Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин окуучулары 31 мектеп арасында өтүлгөн акыл таймашта биринчиликти алышты. Бул таймашка мектеп курама командасы ктышышты. Аталган таймаш Түп районунда  өтүлдү.

Бул таймашка атайын жакшы окуган окуучулардан тандап, 9-11-класстын окуучулары барып, мактоо баракчасы, кубок жана колонка утуп келишти. Таймашка Сопиев мектебинен Айгерим Кубатбекова 10-класстын окуучусу, Турдуматов Чынтурсун 9-класс, Ишенбекова Бегимай 11- класс, Талантбек кызы Айзада 11-класс, Жолалиев Дөөлөт 10- класстын окуучусу катышышты.

Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытов бул таймашка атайын сынак уюштуруп, утуп алган окуучулардан жетөөнү алып барып, аларды жетектеп Ороз Саадабаев агай алып барып окуучулар чоң ийгилик жаратканын айтты

“Түп районунун арасында болуп өткөн акыл таймашта биздин мектептин окуучулары биринчи орунду ээледи. Таймаш жогорку деңгээлде өттү. Эң биринчи финалга 7 мектеп өттү жана алардан биздин мектеп биринчиликти алды.биздин мектептин курама командасынын аты           “ак бата” болчу. Ушул акыл таймашта жеңгендиги үчүн мектеп курама командасынын ар бир окуучусуна сыйлыктар ыйгарылды” – деп билдирди мектеп мүдүрү

Таймашка даярдаган Ороз Саадабаев бул таймашты “ыйман” жаштар фонду, билим берүү уюмдары уюштуруп, суроолору кызыктуу болгонун, андан сырткары окуучулар көптөгөн кызыктуу маалыматтарды алгандарын айтып өттү

“Бул таймашта өтө кызыктуу жана окуучулар үчүн анча оор эмес суроолор келди. Негизинен бул таймаш аябай реалдуу өттү. Таймашты өзүлөрү баалап, биздин мектеп биринчи орунду алды. Мындан кийин ушундай сынактарды көп-көптөн уюштуруп, туруу керек. Бул жерде жүздөн ашык суроолор берилип, окуучулар көптөгөн жакшы маалыматтарды алышты. Берген белектери да абдан жакшы экен, окуучуларга абдан жакты” – деп өз оюн билдирди Саадабаев.

Таймаштын катышуучусу Бегимай Ишенбекова сынактын пайдалуу болгонун айтып, даярдаган агайга ыраазычылыгын билдирип өттү

“Бул сынакка райондун 31 мектебинен окуучулар барышты. Бул сынак биз үчүн абдан пайдалуу да, кызыктуу да болду. Башка мектептерден айырмаланып, биздин мектеп биринчи орунду ээледи. Ал жерге барган балдардын баары акылдуу экен. Буга биздин даярдаган эжей-агайларыбызга рахмат” – деди Ишенбекова.

 

Даярдаган: Саадат Турдуматова

сынакка