"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сүрөт баян: «Тасмада аяздуу кыш»

23 Январь 2016 жыл 7:02
Көрүүлөрдүн саны: 364

        ???????????????????????????????

Тасма айылына ак кар басып кыш мезгили келди. Кыш мезгили өзгөчө кичине балдар үчүн жакшы убак экенин билдиришти. Ак кар басып айыл мурдагыдан көрктөнө түштү. Кыш мезгили  жаңы жыл майрамы менен көркүнө чыгат деп билдирип өтүштү.

???????????????????????????????

Айыл тургуну Бектемир Алматаев кыш мезгилинде үйдө окат деле болбойт, аба таза болот, болгону кышындагы көйгөй свет болуп жатат деп билдирди.

“Кыш мезгилинде мына быйыл кар калың түштү. Ушу кыш мезгилин жаңы-жыл көркүн ачат,биз ушу жаңы-жылды жакшы тозуп алдык .Кичине балдар үчүн чана ойноганго жакшы. Кыштын быйылкы өзгөчөлүктөрү кар кечирек түштү .Аба таза ,малга тоют кенен камдап алганбыз.Кыш айылыбыздын көркүн ачат.”-дейт   Алматаев.

???????????????????????????????

Айылдын   кичине  тургуну Адеми Шайдаркунова дагы айылдашынын оюна кошулуп  кыш мезгили ага да абдан жагарын белгилеп өттү.

20151101_203756

“Кыш мезгили мага абдан жагат. Айлананын баары аппак кар болуп калат. Абада таза болуп жыгылсак да кийимдерибиз таза болот. Кышында жаңы жыл дагы  болот. Жаңы-жылда салюттар мага абдан жагат.Музда чана тээп тоого чыгып ойнойбуз.”

20151027_124559

Мектеп окуучусу Ынтымак Бектемировдун билдирүүсүндө кышында сууук болбосо эле жакшы, чана тээп, музда ойнойбуз жана үйдө кар чыгарып, малга чөп салып коюп жүрөрүн билдирип өттү.

20151027_125950

“Кыш мезгили мага абдан жагат, себеби күндө үйдөн малга чөп салып,кар күрөп коюп эле чана тээп ойнойбуз. Анан суук болбосо эле жакшы да , суук болсо үйдөн чыкпай калабыз. Ошондой эле кыш мезгилде биз жакшы көргөн жаңы-жыл да болот. Мага дагы кыштын жакканы бүт жердин баары аппак болуп, аба таза болуп калат. Кышында дагы өтө кызыктуу болот огоротторго коендордун издери да түшүп калат.”-дейт Бектемиров.

20151027_124550

20151027_135949

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы

“Сынак үчүн”