"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектептер аралык “ Маданият жана тарых” жылына карата сынак болду

29 Январь 2016 жыл 12:38
Көрүүлөрдүн саны: 80

           

20160127_144618Ысык-көл облусунун Түп райуна караштуу Сопиев мектебинде 8 мектептин катышуусундагы сынак болду. Сынак 2016-жыл тарых жана маданият жылына карата болуп өттү. Аталган  иш-чарага окуучулар белгилүү жазуучулардын  тарыхый чыгармаларынан үзүндүлөрдү коюшту. Аймактык сынакта жеңүүчүлөр аныкталышып Түп районундагы райондук деңгээлдеги таймашка жолдомо алышты.

20160127_140551

Сары-дөбө айылынын Карачыв атындагы орто мектептин  мугалими Таалайбек Мусабаевдин айтымында сынактын өтүлүсү негизинде жакшы болду жана окуучуларга да эң мыкты болду деп төмөндөгүлөрдү баяндады.

“Негизинде бүгүнкү сынак эң жакшы өтүүдө.Бул сынакка бардык мектептер абдан даярданышты. Бирок убакыт аз болуп калды. Бирок бары жакшы.Окуучулар колунан келишинче аракеттенип аткарышты. Биз быйылкы белгиленип жаткан үркүндүн 100 жылдыгына карата Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасынанүзүндү алып келдик балдар кызыгуу менен аткарышты.”-деп билдирди Мусабаев.

Жеңишбек Ашымов атындагы №21 Арал орто мектебинин окуучусу, бүгүнкү сынактын катышуучусу Адиса Эсенкан кызы. Алар таймашка  “Манас”-эпосунан үзүндү “Семетейди” аткарышкан.

“Ар бир эле окуучу кыялданат болуш керек биз тандалсак деген азыр бизде да ошондой болуп жатат.Оюнду аткарууда жаңылыштык деле кеткен жок. Биздин бүгүнкү койгон оюнубуз агай-эжейлерибизге жакты деп ойлойм.”-дейт  Эсенкан кызы

Түп районунунан келген калыстар тобунун мүчөсү Мээрим Ибраимованын айтымында башка аймактарга салыштырмалуу “Карасаев” аймагы анча жакшы аткара алышкан жок.  Ошентсе дагы эки мектеп тандалышты райондо өздөрүн сынап көрөрүн айтып өттү.

“ Карачык мектеби эки чыгарма алып келишиптир 24 мүнөт болду бул жерде кемпирдин ролун кыз жакшы аткарды. Бирок бул райондо чыга албайт себеби башка аймакта бул чыгарма көрсөтүлгөн. Колдорунан келишинче балдар ойношту Эми районго Мамытов жана Коенкөзов мектептери тандалышты.Ал жерде эң мыкты ойноолору керек.”-деп өз сөзүн бүтүрдү.

Даярдагандар : Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы

“сынак үчүн”