"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада муз аянтчасы кызмат кылууда

29 Январь 2016 жыл 12:32
Көрүүлөрдүн саны: 80

         20151102_223152

Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын киреберишине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат. Муз аянчанын ачылганын быйыл эки жыл болот. Коңшу айылдан дагы келип муз тебип жатканын билдирип өтүштү.

Иштөө убагы күндүзү он экиден кечки бешке чейин. Ал эми келерки жылы айыл ичине ачууну пландап жатышканында айтып өтүштү. Учурда кышкы эс алуу болгондуктан окуучулар конки тебүү менен өткөзүп жатышат. Ар бир киши үчүн бир саатка элүү сомдон болууда.

20151102_223201

Былтыркы жылы ачылган аянчадан муз тебүүнү үйрөнгөн Элтуран Акеновдун билдирүүсүндө мурда ал конки тепкенди билбеген.Учурда муз тебүүнү үйрөнүп, азыр музда эң мыкты ойноп калганын айтат.

“Бул жер экинчи жолу ачылып жатат. Былтыр да ачылган. Бул муз аянчанын ачылышы менен коньки тебүүнү үйрөндүм . Башында үйрөнө баштаганда жыгылгам. Көп учурда келүүгө аракеттенем. Бошоп калсам эле барууга шашылам.”-дейт Акенов.

Тасма айылынын тургуну Гүлөнбек Ишенкул уулунун бул жердин ачылуусу жакшы экенин белгилеп, эс алууга ыңгайгуу болуп жатканын кошумчалап өттү.

“Азыркы эми муз аянчасын ачканы жакшы эле болду. Барып көңүл ачып турсак. Анын үстүнө балдар каникулда да жөн жүрбөстөн коньки тебишсе жакшы. Жаштар дагы көчөдө бош эле жүрбөстөн коньки тебип көнүлдүү жүрөт. Азыр ал муз аянчасына жеке эле кичинелер барбастан чоңдор дагы барып көңүл ачып жатышат.”-деп баяндады  Ишенкул уулу.

Муз аянчасын ачкан Рысбек Касымов бул жерди экинчи ирээт ачып жатам өзүдүн эмгегимди актап жатканын айтат.  Учурдан анда отуз коньки бар.  Былтыр канькини арендега алып иштетсе быйыл өзү сатып алган.

“Менин ушул муз аянчасын ачуумдун себеби ушу балдар каникулда бош жүрүшпөсүн деп ачкам.  Ал эми кээ бирлери кечинде келишет,аларга биз свет күйгүзүп беребиз анан ойношот. Ал эми быйылкыбыз деле жаман эмес жакшы, конькилердин бары жаңы.Азыр Тасмадан эле эмес төрт айылдан келип муз тээп атышат Арал, Токтаян, Тогузбай, Кош-Дөбө негизи көп жерден эле келип жатышат .Негизи муз жакшы болуп конькилер жакшы болсо көп кишилер келет. Эми кудай сактасын спортто эми ар кандай нерселер болуп  кетүүсү мүмкүн.Бирок азыр балдардын бары көнүштү. Музда эң жакшы ойноп калышты.”-деп билдирди Касымов

Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы

“сынак үчүн”