"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Асан Сопиевдин жаркын элесине арналган турнир болуп өттү

17 Февраль 2016 жыл 18:01
Көрүүлөрдүн саны: 38

20160213_105210

Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде Асан Сопиев агайдын жаркын элесине арналган баскетбол оюну болуп өттү. Оюнда 3 команда катышышты.

 Жыйынтыгында Сопиев мектебинин кыздар жана балдар командасы  биринчи оорунду ээлешти. Арал мектебинен келген команда 2-оорунду ал эми Чоң-Тогузбай мектеби 3-оорунга ээ болушту.

20160201_142134

Оюунду уюштурган Сопиев мектебинин дене тарбия мугалими Көчөрбаев Эркинбектин айтуусунуда  оюндун максаты балдарды спортко үндөө.

“Аймактык манасиядага аябай даярданып Тасма айылынын кыздары да балдары да биринчи оорунду алды. Баардык камандалар бирдей болсо мындан да кызыктуурак болмок, менимче жакшы болгон жок мындан ары дагы да даярданыш керек”-деп билдирди Көчөрбаев.

Арал аймагынын Ашымов мектебинин мугалими  Нурбек Мааданбеков  окучулар арасында өткөн турнирде жаш балдардын жакшы ойногондору билинип турат деп айтып өттү.

“ Финалдык оюнда Ашымов мектеби менен  Сопиев мектебинин окуучуларынын  беттешинде Сопиев мектебинин командасынын техникалык жана физикалык жактан күчтүү экени далилденди. Ал эми кыздар боюунча  Тасма орто мектебинин кыздары  аймактагы эң күчтүү команда болдуп эсептелди”- деп баяндады Мааданбеков

Сопиев мектебинин баскетбол курама команданын  мүчөсү Чынтурсун Турдуматовдун айтусунда бул оюун мыкты деңгээлде өттү, бизди канагаттандырды.

“Буга чейин мындай чоң  жеңишке жете элек болчубуз, кичирээк кезибизде кээ бир беттешүүлөрдөн жеңилип калчубуз. Бирок бүгүн кудайым жалгап утуп кеттик,аяабай кубанычтабыз”-дейт  Турдуматов.

Сопиев мектебинин кыздар курама тобунун башчысы Айжаркын Асыпбекова төмөндөгкүлөргө токтолду.

“Оюн жакшы болуп өттү, кыздар дагы жакшы ойношту.Бул жеңиш мен үчүн абдан жакшы болду жеке эле мен үчүн эмес,топтогу баардык кыздар кубанууда”-деп билдирди Асыпбекова.

Даярдаган:Айжан Жамаева.

«Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка»