"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада 23-февральга карата катарга басуу болуп өттү

20 Февраль 2016 жыл 7:19
Көрүүлөрдүн саны: 68

     

?

?

          

              Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата катарга басуу болуп өттү. Бул катарга басуу сынагына 5-7-класстар арасында өтүп,  ыр жана көнүгүүлөр менен коштолду.   Калыстар тобу мыкты катышкан класстарды тандап, орун беришти.

Мектеп мүдүрү Алик Мамытовбул  катарга сынагы окуучуларга патриоттуулукка үндөйт деп, окуучулар жасап жаткан күнүмдүк көнүгүү, команда берүү, формасынын өзгөчөлүктөрү, ырдоо жана дубал газета деген 5 тапшырма боюнча таймашышкандыгын айтып өттү:

?

?

“Бул биздин жыл сайын болуп келе жаткан таймаш. Жеңиш күнүнө карата да болчу. Катарга басуудан биз мыкты баскан класстарды тандадык, биринчи орунду 7-б класс алды. Класс жетекчиси Бегимбаева Айым. Экинчи орунду 6-б класс алды, үчүнчү орунду 5-б класс, төртүнчү орунду 7-а класс, бешинчи орунду 6-а класс жана эң аякы орунду 5-а класс алды” – деп билдирди Мамытов.

Аталган мектептин 5-а классынын окуучусу Асель Мамытова катарга басуу кызыктуу өткөнүн жана ага аябай жакканын айтты:

?

?

“Бүгүнкү катарга басуу таймашы мага окуучулар көп катышып, болгон аракеттерин жумшап, катуу даярданганы, кийген формалары менен жакты. Баарыбыз кызыгып башка класстардын баскандарын бири-бири менен салыштырып, карап турдук” – деди мектеп окуучусу Асель Мамытова.

Мектептин 5-а классынын окуучусу Адинай Бекланова дагы сынактын жакканын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди:

“Мага бүгүнкү таймаш өтө жакты. Көбүнчө мага окуучулардын колдору, буттары чогуу, түз, бардыгы окшош болгону, башына кийген пелёткалары, ырлары менен жакты.Өзгөчө 7-б класстын катышуучулары сонун аткарышты. Окуучулар команда берген жеринен эле кичине адашышты, калган бардык жери сонун болду. Мындай сынактар   дагы да көп-көптөн болуп турса дейм” – деп өз оюн айтып өттү Адинай Бекланова.

 

Даярдаган: Саадат Турдуматова 

(сынак үчүн)