"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада “Менин үйүм – менин кичинекей Ата-Мекеним” — аттуу сынак болуп өттү

20 Февраль 2016 жыл 6:50
Көрүүлөрдүн саны: 96

20160203_221754

 Сопиев мектебинде орус тил айлыгына карата 3-6-класстар аралыгында  сынак болду.Бул сынакты орус тил мугалими, окуу завучу, Кундуз Шалтабаева уюштурду. Сынакка класс жетекчилер жана бештен окуучу катышып, өзүлөрүнүн фантазиясы менен ар кандай керектүү материалдар менен үйлөрдү жасап, бүткөндөн кийин экиден окуучу чыгып, орус тилинде  жактап беришти.

Алардын жактагандары боюнча калыстар тобу орундарды берди. 1-орунду 4-а класс, 2-орунду 5-б класс жана 3-б класс, 3-орунду 3-а класс алып ар түрдүү белектер менен ыйгарылды.

20160203_215235

Уюштуруучу Кундуз шалтабаеванын айтымында  сынактын максаты окуучулардын кол жөндөмдүүлүгүн жашыртуу жана бири-биринен тажрыйба алуу болуп саналарын айтты. Бул сынактын тапшырмасы үйлөрүнөн ар кандай жараксыз буюм, аппликацияү картон, пластиллин жана башка керектүү буюмдарды алып келип, өзүлөрүнүн фантазиялары менен каалагандай үйдүн макетин бир убакта баштап, баары тең чогуу жактап берүү болду.

“  Мугалимдер аябай жакшы даярданып, окуучулар да биз күткөндөн да жакшы кылып жасашты. Биз мынчалык деңгээлде жасайт деп ойлогон деле эмеспиз. Жактаганда орус тилинде жакташмакү анда дагы орусча  өтө жогорку деңгээлде жактап беришти. Баарынан өзгөчөлөнүп, 4-б классынын окуучусу мусалиев Кубанычбек эң эле жогорку деңгээлде жактады. Ага өзүнчө белек ыйгарылып, мугалимдер да таң калып турушту” – деди Кундуз Шалтабаева.

Сопиев мектебинин мугалими, 1-орунду алган класстын класс жетекчиси Элзат Эсенгелдиева сынакты уюштурган эжейге, калыстар тобуна ыраазычылыгын билдирип, дагы  ушундай сынактар көп-көптөн болуп турса деген тилектери менен бөлүшө кетти:

20160203_212106

“Биз бүгүнкү сынактан окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн байкадык, жасатса баары эле кызыгып жасачудай экен. Келген окуучулардын баары таланттуу жана чебер экен. Бирок алардын ичинен биздин класс эң активдүү катышышты, абдан көңүлдүү болду. Мугалимдердин дагы мындай болуп тытынып, аткараарын билген эмесмин.»- деп өз оюн билдирди Эсенгелдиева.

Аталган мектептин 4-б классынын бардык мугалимдерин таң калдырган  окуучу   Кубанычбек Мусалиев сынак абдан жакканын айтып өттү:

“Бүгүнкү сынак аябай кызыктуу болду. Баардык окуучу, мугалимдерге жакты, аткени мага орус тил сабагы абдан жагат,  бул жерде орус тилинде жакташты. Биз үйдүн макетин жасап, ал жерге өзүбүздүн фантазияларыбыз менен огород, сарай, гүлдөрду коштук, үйдүн ичине мышык, ар кандай буюмдарды жасап киргиздик. Менин мындайларга шыгым жок болгондуктан жардам берип майда нерселерин жасап эле берип турдум анан аягында орус тилинде жактаганда баары таңкалышты.” – деп билдирди мектеп окуучусу Мусалиев.

 

Даярдаган: Саадат Турдуматова

«сынакка»