"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «предметтик олимпиадада болуп, 1 окуучу облуска өттү»

20 Февраль 2016 жыл 7:05
Көрүүлөрдүн саны: 81

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин аймактык олимпиададан өткөн окуучулар райондук олимпиадага барып келишти. Аймактык олимпиадага 20 окуучу барып,  7 окуучу өтүп, 4-февраль күнү  райондук олимпиадага барышты.

Ал Айзат Мусалиева 10-класстын окуучусу алгебра сабагынан барган. Мугалими Эрмек Суранов.

Мектеп мүдүрү Алик Мамытовдун айтымында аймактык олимпиадага 20 окуучу барып, алардын ичинен сегизөө гана райондукка өткөн:

20151027_140835

“Аймактык олимпиадага 8 окуучу барды. Алардын үчөө алгебра сабагынан, мугалими Эрмек Амазбеков, кыргыз тили сабагынан бирөө, информатикадан бирөө, орус тилден бирөө, химиядан бирөө, тарых сабагынан бирөө барган. Бирок, тилекке каршы сынак экен, бир гана окууччубуз үчүнчү орундуу ээлеп, областтык олимпиадага өтүп, даярдана баштады. Мугалими Эрмек Амазбеков. Эми дагы жакшы жыйынтык чыгат деп ойлойбуз” – деди мектеп директору Алик Мамаытов.

Аталган мектептин мугалими Кыдырмыш Масылов мектептин билим-сапаты төмөндөгөнүн айтып, буга себепкер болгон уюлдук телефондор, компьютерлер экендигин белгилей кетти:

“Мына быйылкы болгон олимпиадада окуучулардын мурунку муундарга караганда  билим-деңгээли өтө эле төмөндөп кетти. Мурун окуучулар ушунчалык сабакка кызыгушчу эле, азыр болсо окуучулардын ар биринде уюлдук телефондор бар болгондуктан окуучулар интернетке кирип  атып сабакка кызыкпай билим-сапат төмөндөп калды. Бирок ошентсе дагы балдарды олимпиадаларга даярдоо бул биздин милдетибиз. Ошондуктан ар бир мугалим өзүнүн сабагынан жылдын башынан баштап 1-4, 5-8-класстар арасында  көп –көптөн кызыктуу олимпиадаларды өткөрүп турушубуз керек бул кийинкиге даярдык болот эле. Ошондо гана биз окуучулардын окууга кызыгуусун жогорулата алабыз” – деп өз оюн билдирди Масылов.

Даярдаган: Саадат Турдуматова.

«Сынак үчүн»