
?
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы орто мектептин мугалими болуп 41 жылдан бери эмгектенип келет. Буга чейин ал көптөгөн ийгиликтерди жаратып, эл агартуунун отличниги болгон. Директорлук болуп дагы иштеген. Учурда айылдык кеңештин төрагасы болуп иштейт. Мектепте аны кесиптештери сыйлап, насаатчы мугалим дешет.
Кыдырмыш Масылов 1952-жылы 3-октябрда туулган. Эмгегинин текке кетпегенин, өзүнүн кесиби өзүнө жагаарын билдирет. Агай окуткан окуучулар дагы башка мектептердин директор, завуч болуп иштешет. Ал эми аскердик даярдыктан окуткан окуучуларынын тогузу аскердик окуу жайларда окушат. Алардан ыраазычылык каттар келип турарын айтып өттү.
“ Адегенде аскердик башталгыч даярдык сабагын берип, андан кийин тарых сабагын бердим. 1986-жылга чейин Тасма орто мектебинде эмгектендим, 1991-жылга чейин Жыл-Булак орто мектебинде иштедим, 1991-жылдан1993-жылга чейин Чоң-Тогузбай толук эмес орто мектебинде директор болдум. 1993-жылдан тартып, Тасма орто мектебинде иштей баштагам. Ал учурда Сопиев метебинин директору Сопиев Асан ооруп иштей албай калган. 1993-жылдан 2008-жылга чейин мен директор болуп иштедим. 1990-жылы кыргыз республикасынын эл агартуунун отличниги наамын алдым. 2003-жылы кесиптик кошундун отличниги деген наамга ээ болдум. 2008-жылы айылдык билим берүү долбоордун алкагында эң жакшы иш алып баргандыгым үчүн лидер директор деген наам алдым. 2008-жылы директорлукту өткөрүп бердим. ” – деди Масылов.
Кыдырмыш Масыловдун өмүрлүк жары Дамира Манаева анын жакшы жактары көп жана 45 жылдан бери эч урушпагандыктарын айтты:
“Экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 45 жыл толду. Ошондон бери такыр сен-мен деп жаман сөздөр менен урушкан жокпуз. Үйдөгү жумуштарга жардам берип турат. Аябай боорукер, жакшы, адамкерчиликтүү, балдарды тарбиялаганда дагы өзүнүн кеп-кеңешин айтып, жакшы тарбиялайт” – деп өз оюн билдирди жубайы.
Кыдырмыш агайдын кесиптеши Ороз Саадабаев агай менен 30дан бери эмгектенип келет. Кесиптешин эмгекчил жана китепте жок макал –лакаптары менен насааттарын айтып, калыс, баарына тең караарын айтты:
“Агайдын апасы негизинен аябай жамакчы, жомокчу, мкаклчы киши эле. Кыдырмыш агайга ошо апасынан калган го. Керек болсо макал менен тарбиялап, керектүү насааттарын айтат. Мектеп үчүн өтө берилип иштейт. Жаштарга дайыма үлгү болот, сабакты абдан мыкты берет. Мына азыр мектепте да айылдык кеңештин төрагасы болуп да иштейт” – дейт кесиптеши Саадабаев.
Кыдырмыш Масыловдун келини Айнура Кайкиева мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет. Ал Кыдырмыш агай тууралуу буларга токтолду:

?
“Мен жаңы келин болуп келгенде кайн атам диоектор болчу. Дароо эле жумушка чыккам. Атамды мен чоң насаатчы, устатым десем деле болот. Себеби, мага көптөгөн жардам кылып, түрткү болду. Азыр кээ бири өзүнүн бүтүргөн окуусу менен жумуш таба албай жүрүшпөйбү, бир чети ошол атамдын чоң түрткүсү менен ушул жерде иштеп калдым. Чогуу турабыз, үйдөгү жумуштарга да абдан чоң жардам берет” – деди келини Айнура Кайкиева.
Даярдаган: Саадат Турдуматова, Актилек Бейшалиев
(сынак үчүн)