"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: «Багбан айым жана түрдүү салат, кыямдарды жасаган Жаңыл эже»

1 Март 2016 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 126

                

20160201_133441 Ысык-Көл облусунун Түп районундагы  Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине  кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого  үйрөтүү  менен көп жылдан бери алектенет.  Ал жашылча-жемиштердин баарын жазында огородуна олтургузуп, күзүндө жыйнап алып, анан  алар менен түрлүү салаттарды үйүнө да жасайт.

Жаңыл Чингиспаева бул салат, кыямдарды студент кызы, шаарда жашаган келиндери дагы алып кетип тураарын, айыл тургундары  келип мактап кетип тураарын, үйүнөконоктор келгенде кыжаалат болбой эле дасторконун жайнатып коюп тураарын айтты:

“Мен биринчи огородго помидор , бадыраң, перец, боклажан, капустанын турлөрүн, анан күзүндө баарын жыйнап алып туруп, түрлүү салаттарды жасап, айылдаштарыма үйрөтөм. Салаттарымды жакшылап, өз нугу менен жапсам, кышкыга эле эмес, бир жылга чейин, кийинки күзго чейин бузулбай тура берет. Андан тышкары мен салаттарды гана жасоо менен эмес,түрлүү  кыям, компотторду да жасайм. Кыямдарымды кумшекер кошпой жасайм. Ага элдер таң калышат, аябай даамдуу болот. Кошуналардын баары үйрөтүңүзчү деп суранышат” – деди Жаңыл Чингиспаева.

Чингиспаеванын жолдошу Акжолбек Шаршембиев жолдошу чингиспаеванын тамактары, салаттары өтө даамдуу болоорунү ага аябай жагаарын айтты:

“Жаңыл экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга отуз жылдан ашты, салаттарды даамдуу кылып жасаганы жагып калып эле алгам. Өтө даамдуу кылып жасайт, Тасмада эчким  салатты  Жаңылдай кылып жасай албайт. Өзу Аябай эмгекчил аял баарын жасай алат.  Мага ошон үчүн жагат” —  деп айтты Акжолбек Шаршембиевич.

Айыл тургуну Миргүл Үкүева Жаңыл эженин салаттары өтө даамдуу болуп, көпкө чейин сакталаарын, жана жегиликтүү болорун айтты:

“Жаңыл эже өзү жашы элүүлөргө таянып калган аял, ал көптөн бери даамдуу салаттарды жасоо менен алектенет, башка аялдар салат жасаса бузулуп, агарып же ачып кетип жатпайбы, а Жаңыл эженин жасаган салаттары эч антпейт. Биз үч-төрт жолу чогуу биригип жасадык, мен салатка керектелүүчү азыктарды теңме-тең  чыгарып алып, анан жасагандан кийин бөлүшүп алчубуз. Ал экөөбүз жасаган салат лечо кышкыга сактала турган салат. Дүкөндөрдө да кетчуп деп сатып жатышпайбы, Жаңыл эже  мына ошондойдун түрлөрүн андан да даамдуу кылып жасайт, мага жасап берген. Мен ойлойм бул эженин салат жасоо чеберчилиги бар деп” – деди айыл тургуну Миргүл Үкүева.

 

 

Даярдаган: Саадат Турдуматова, Актилек Бейшалиев   

  (сынак үчүн)