
?
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына Ринат Тулөбаев “өз элимден бата аламын” аттуу концертин тартуулады. Концертти ырчылар коштоп, Ринат балбан өзүнүн өнөрүн ар кандай ыкмаларды жасап көрсөттү.
Ринат Түлөбаев менен маектешкенибизде бул өнөр менен 3 жылдан бери алектенээрин, ыкмаларды жасап жатканда эч оору сезимдери болбоорун, ден соолугуна зыян келбестигин айтып. Жакында Кытайда өтүлүүчү балбандар арасындагы таймашка барарын жана даярданып жатканын айтып өттү.

?
«Мен негизи 8-классыма чейин кыздарды партага тишим менен көтөрө берчүмүн, анан 2012-жылы 27-март күнү мага түшүмо Бакай ата кирип, мага батасы бергенден кийин, менде ушул күч пайда болду. Мен буга чейин Казакстанда, Узбекстандын Устукан деген шаарына гастролго барып, өзүм дагы ошол жерде бир жарым жыл жашап келгем. Ал эми көлго быйыл эле тааныла баштадым. Бүгүнкү концертимде боордршторум мени аябай колдоп, коштоп бергенине аябай ыраазычылыгымды билдирем “ – деп билдирди Ринат балбан.

?
Мектептин географиядан берген мугалими Ороз Саадабаев Ринат балбандын тарыхта кала турган бала экендигин, концерти өтө көңүлдүү болгондугун айтты:

?
“Бул Ринат балбандын күчү элдин баарын таң калдырды, балдарга да аябай жакты, жакшы коштоп беришти. Негизи бул бата тийген дегени чын экен, антпесе Ринат деле биздей эле жөнөкөй бала колдору деле жупжумшак, кадимкидей эле экен, бир өзгөчө касиети бар бала болушу керек деп ойлойм” – деп өз оюн билдирди Ороз Саадабаев.

?
7-классынын окуучусу Элтуран Акенов концерт өтө көңүлдүү болуп өткөнүн, балбан өнөрүн көрөтүп жатканда таңгалганын жашырган жок.
“Мага бүгүнку концерт абдан жакты, өзгөчө лампочканы күйгүзүп туруп аны чайнаганы, бетинин астына айнек коюп туруп, үстүнө 100 киллограммдык кишини чыгарып, денесине учтуу ийнелери бар сетканы орогону абдан жакты. Мен мурун мындайды телевизордон гана көрчүмүн азыр болсо өз көзүм менен көргөндө өтө таң калдым” – деп билдирди Элтуран Акенов.
Даярдаган: Саадат Турдуматова, Гүлзар Курманбек кызы
(сынакка)