"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада көлдүн жети акеси туурасында ачык тарбиялык саат өтүлдү

15 Март 2016 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 115

20160223_114700

Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде 9-класстын окуучулары Ысык-Көл ыйык мурасым алты айлыгына  карата Ысык-Көлдүн жети акеси жөнүндө “акелер акыл атасы”- деген темада ачык тарбиялык саат коюшту. Тарбиялык саатта окуучулар акелер жөнүндө кененирээк, көп маалыматтарды беришип, айткан акыл-насааттарын, сөздөрүн тактап айтып беришти.

Сопиев  мектебинин кыргыз тил жана адабият  мугалими, 9-класстын класс жетекчиси Миргүл Үкүева бул тема быйылкы маданият жана тарых жылына карата өтүлгөнүн билдирди:

20160223_114030

“ Акелер Көл өрөөнүнөн чыккан  тарыхта кала турган адамдар болгон. Биз негизинен теманы дагы ошол себептен тандап алганбыз. Бул тарбиялык саатта ойлогон оюма жеттим, буга 9-класстын кошкон салымы чоң. Окуучулар көбүрөөк маалыматтарды ала алышты. ” – деп өз оюн  баяндады  Үкүева.

Мектептин географиядан сабак берген мугалими Ороз Саадабаев  тарбиялык сааттын темасын аябай туура тандагандыгын, жана окуучулар жакшы аткаргандыгын билдирди:

“Бүгүнкү 9-класстын тарбиялык сааты абдан маанилүү, абдан актуалдуу тема экен. Акелердин сөздөрү аябай таасирдүү болду. Ар бир окуучу өзүнүн айткан сөздөрүнөн таасир алгандай болду. Мугалими абдан жакшы изденген. Акелердин баалуу сөздөрүн тапкан. Өзгөчө ушул Элнура деген кызыбыз көптөгөн сөздөрдү кагаз карабай, жатка айтканына мен абдан ыраазы болдум” – деп айтты Ороз Саадабаев.

Тарбиялык сааттын катышуучусу 9-класстын окуучусу Саякова Айдана тарбиялык сааттын максаты жети акени мектепке таанытуу жана сөздөрү менен дагы тааныштыруу болу саналаарын жана акелер тууралуу көбүрөөк маалымат алгандарын айтты:

20160223_114018

“Негизи азыркы учурда жети аке деген ким экенин билишет бирок, алардын аттарын, алар жөнүндө толугураак маалымат эч ким билбейт. Жети аке азыр унутулуп бара жаткандыгы үчүн, ушул теманы тандадык. Тарбиялык саатта аларга арналган ырларды көркөм окуп, алардын накыл сөздөрү менен тааныштырдык. Азыр аларды билсе да эч ким алардын кандай касиеттери бар экендигин билбейт, биз аларды ачыкка чыгардык” – деп өз ою менен бөлүшө кетти  Саякова.

Даярдаган: Саадат Турдуматова.

«Сынак үчүн»