"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жардам үчүн марафон өттү

15 Март 2016 жыл 15:55
Көрүүлөрдүн саны: 79

 

?

?

Тасма орто мектебинде айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн марафон өтүп, ага окуучулар болгон жардамын көрсөтүштү. Чогулган акчага белек берилип, 4-б класстын окуучулары  келген конокторго көңүлүн көтөрүү үчүн  концерт коюп беришти. Аталган иш чараны мектептин  «Аваз»-уюму уюштурду.

Мектептин соц педагог мугалими Ороз Саадабаев  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды  окуучулардын арасына кошуп, көңүлдөрүнүн көтөрүлүп тургана абдан кубанганын айтып, 4-б класстын класс жетекчисине ыраазычылыгын билдирди:

?

?

“Ар бир айылда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болот экен, окуучулардын арасна кошула албай калат экен. Үйүндө камалып эле олтура беришет. Анан бир күн болсо дагы окуучулардын арасына кошуп, көңүлүн көтөрүп коёлу дедик. Ата-энелери деле кичинесинен бери эле түйшүк тартып келе жатышат, аларды чоңойтуу дагы оңой түйшүк эмес. Ата-эенлерине да чоң ыраазычылыгымды билдирем. Бүгүн марафонго окуучулар активдүу катышышты. Муну уюштурган  мектеп президенти Кубатбекова Айгерим жана Өмүрзакова Назира.»-дейт Садабаев.

?

?

«Концерт көрүп олтурганда дагы балдарды карап олтурсак жүздөрүнөн кадимкидей жылмаюу байкалып турду, аябай ыракаттанып жатышты” – деп кошумчалады Садабаев.

Башталгыч классынын мугалими, 4-б класстын класс жетекчиси Элзат Эснегелдиева мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы каалоо-тилектер айтылып, алардын батырак сакайып кетишин каалап, окуучулар марафонго жакшы катышкандыктарын айтты:

“Бүгүнкү марафонго карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арнап 4-б класс “апа жыты башкача” аттуу концертин тартуулады. Бул концерттин максаты бул балдардын көңүлүн көтөрүү болчу. концерт өтө жогорку деңгээлде болду. Окуучулардын ырдап, бийлегендерин көүп алардын да жүздөрүндө жылмаюу пайда болду” – деди Элзат Эсенгелдиева.

Мектептин 8-б классынын окуучусу Жазира  Дүйшөн кызы  анын иниси мүмкүнчүлүгү чектелген, бөбөгүн  бүгүнкү иш чарага алып келген. Ал бөбөгүнө бул концерт ага аябай жагып, сүйүнүп атканын айтты:

“Мен сабактан тарагандан кийин үйгө барып бөбөгүмдү жуунтуп,кийинтип алып кайра келгем. Бөбөгүмө концерт аябай жагып, толкунданып , сүйүнүп жатат. Бөбөгүмдү үйдөн эч жакка деле чыгарчу эмеспиз, бүгүн өтө кубанып жатат. Алган белегин  көргүсү келип, жанталашып атат, мен ушул уюштурган агай эжейлерге чоң ыраазычылыгымды билгизем ” – дейт  Жазира.

Даярдаган: Саадат Турдуматова

“сынак үчүн”