"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сүрөт баян: «Мышык чөптөн картошкага караганда киреше көп түшөт дешет тасмалыктар»

17 Март 2016 жыл 4:44
Көрүүлөрдүн саны: 85

DSCN2404

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында мышык чөптү( валерианка) кичи күнөсканаларда өстүрүүдө.  Картошканын баасы арзан болуп, актабай, киреше түшпөй калгандыктан айрымдары дары чөптөрдү өстүрүп, күзүндө түшүм алып, кымбатыраак баада тейлөөчүлөр каналына дары жасоочуларга сатышат.  

Мышык чөптү өстүрүү боюнча жаш келиндер окуусун окуп келип анан айыл элине үйрөтүп, өстүрүп баштады. Бул окууну атайын демөөрчүлөр окуткан. Мышык чөп ар кандай ооруларга, өзгөчө жүрөк ооруларына дары болуп эсептелет.Мышык  чөп негизинен бир жылда эле түшүм берүүчү чөп.

DSCN2405

Айыл тургуну Карачач Урманбетова бул окууда окуп, мышык чөптү өстүрө баштаган. Урманбетова Мышык чөп деп атап койгондун себеби анын жытын мышыктар абдан жакшы көрүп, тиштеп ойноп, жанына жатып алып укташат экен ошондуктан кыргызча аталышы ушундай болуп калганын айтат. :

?

?

“ Бизге жалаң гана мышык чөптү эмес башка жашылча-жемиштерди өстүрүү ыкмаларын окутууда, көптөгөн үрөндөрдү алып келип берип, башка жашылчаларды да өстүрүү боюнча окутушат. Ошол окуунун прграммасына ылайык атайын агроном келип окутат. Биологиялык жактан таза, түшүмү жогору өсүмдүктөрдү өстүрүүнү үйрөтөт. Ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүдө зыянкечтерден жана өсүмдүктөрдүн ооруларынан сактануу үчүн биологиялык эффективдүү тоюттандырууну жана тамчылатып сугаруу ыкмаларын үйрөтө баштайт. Анын үрөндөрүн атайын бизге тазалатып берген. Аны биз биринчи кичи күнөсканаларга же гүлдүн идиштерине өстүрүп анан чоңойгондон кийин аларды бирден көчүрүп тигебиз. Түшүмүн сентябрь айында алабыз. Ушул ишти дагы улап кетсек келечегибиз кеңеет деп ойлойм. ” – деп өз оюн билдирди  Урманбетова.

DSCN2400

Айыл Тургуну Гүлнара Алыкенова мышык чөптүн көптөгөн пайдасы бар экендигин жана декабрда сээп, түшүмүн  күзгө чейин күтөөрүн, азыр жакшы өсүп келе жатканын айтты:

DSCN2403

“Биз азыр ЦКА деген борбордо окуп жатабыз, муну дагы өнүктүрүү демилгелеринин агентствосу жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Мышык чөптү биз кичи күнөсканаларда өстүрүп жатабыз. Андан тышкары биз башка жашылча-жемиштерди дагы олтургузабыз 14-мартта үрөндөрүн алып келип, дагы чогулуш өткөрөт. Биз андан башка дагы ден соолукка пайдалуу чөптөрдү да айдасак болот. Элдин кызыкчылыгы бар, баарыбыз чогулуштарына активдүү катышып жатабыз. Буюрса баары ишке ашат деп ойлойбуз” – деп билдирди Алыкенова.

 

?

?

DSCN2406

 

 

 

 

 

 

 

?

?

?

?

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова

“сынак үчүн”