"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада тургундар жазгы тазалоо иштери менен алек болууда

22 Март 2016 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны: 214

DSCN2468

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылында жазгы тазалоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын жаз келгенде жер тазалоо, алма –бактарды кыйыштыруу иштери жүрөт. Бул  тууралуу кененирээк айыл тургуну Күкүн Кожоева буларды айтат:

?

?

“Жаз келгенде ар кандай алмалардын сортторун кыйыштырабыз.Жерге түшкөн жалбырак жер семирткич катары колдонулат,биз өз бакчабызды эки күндө тазалап бүттүк,  жашылдандыруу үчүн пайдалуу жана айланага көрк берип турат.”

Жылда жаз келгенде алма бактарды кыйыштырып  айлана- чөйрөнү жашылдандырабыз дейт жазгы талаа иштери менен алек болуп жаткан Чоро Жантай уулу:

DSCN2466

“Биз алма бактарды жашартыш үчүн жылда бутап кыйыштырабыз, жерге түшкөн жалбырактар жер семирткичке пайдалуу, өрттөбөш керек антпесе оору пайда кылат. Бакчабызды   төрт күндө тазалап бүттүк.”

Жазгы тазалоо иштеринин кандай пайдалуу жактары бар экенин  Алина Мусаева айтат:

?

?

“ Биздин бакчабыз кичине болгондуктан бир күндө эле бүттүк. Бак дарактарды кыйыштырууда алмалардын сапаты жакшырат.”

?

?

Даярдаган:Ширин Акунова, Сауле Асанакунова

(сынакка)