"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Баскетбол командасы ийгиликтерди жаратууда

23 Март 2016 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны: 89

Асан Сопиев мектебинин баскетбол командасы ийгиликтерге жетишип жатат .Бул команда жыйырма кишиден турат, алардын ону кыз жана ону бала.Команда 1990-жылы түптөлгөндөн бери машыктыруучу катары Эркинбек Көчөрбаев эмгектенип келет. Анын айтымында баскетбол командасы алдынкы орундарды багындырып келе жатат:

20160213_143232
“Баскетбол командасы аймактык, райондук мелдештерде жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок салыштырмалуу жылдан -жылга деңгээли төмөн. Баскетбол командасы менен сыймыктанам. Команданы уюштуруунун максаты окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү, окуучулар арасында болуп жаткан таймаштарда өздөрүн көргөзө билүүгө үйрөтүү. Азыркы учурга чейин баскетбол командасы жакшы ийгиликтерди багындырып келүүдө.

?

?

Мектептин директору Мамытов Алик Кубанычбековичтин айтымында баскетбол командасы мектепке чоң салымын кошууда:
“Баскетбол командасы мектепке чоң салымын кошууда,аларга көп учурда транспорттук чыгымын төлөп беребиз.Биздин мектептин кыздар,балдар командасы азыркы учурда райондук мелдешке жакшы даярданып жатышат.”
20160201_142106
Баскетбол командасынын катышуучусу Айжаркын Асиппек кызы баскетболго абдан кызыгарын билдирди:
“Баскетболго катышуума эч ким деле түрткү болгон жок, өзүм кызыккан үчүн ойноп жатам. Мен көптөн бери эле баскетбол ойноого кызыгам, кичинемден бери ойногум келчү. Жакын арада эле аймактык баскетбол оюну өттү, ал жакта биринчи орунга жетиштик эми мектептин намысын коргоп райондо ойнойбуз. Алдыга койгон максатыбыз көптөгөн ийгликтерди багындыруу, мектебибизге салым кошуу”.
Даярдаган:Жазира Дүйшөн кызы “Сынакка”АА