Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Асылбек Ракым уулу бокс валету Бразил түрүнөн спорт чебери наамына ээ болгон. Кулатуу боюнча КМС(спорт чебери) наамын алган. Ал бул спорт менен 7-классынын баштап катышып, көптөгөн жеңиштерди багындырган. Спортчунун машыктыруучусу Фархат Алжанбаев болгон.
Асылбек Ракым уулунун айтымында мурда айылда өнүгө электе грек-рим күрөшүнө катышкан, андан соң Каракол шаарына барып, ошол жактан спорттун башка түрлөрүн өздөштүрүп уланткан.
“Учурда бокс, валету Бразил түрүнөн, кулату, эрежесиз эр мушташ спортун түрлөрү менен алектенем. Шапак баатырды, Ормон хан кубогуна, 2012-жылы Киргизияны утуп, спорт чеберин алгам. Жеңишке жеткенде абдан кубанып, толкундангам.”-деп билдирди Ракым уулу.
Спортчунун атасы Ракым Урмакеев баласы менен сыймыктанарын билдирди:
“Балам айылда шарт болбогондуктан көп машыга алган жок, шаарга барганда андан ары улантып ийгиликтерге жетти.”
Асылбек спортчунун агасы Максат Урмакеев иниси кичине кезинен спортко кызыгып жана шыктуу болчу дейт:
“Кичине кезинен эле гира, гантель көтөрүп чуркап жүрчү. Жеңиш менен жүргөнүнө абдан сыймыктанам. Чынчыл, тырышчаак эркектерге тиешелүү баардык сапаттар бар”-дейт агасы Урмакеев.
Даярдаган: Салават Жангабылов, Айгерим Кубатбекова