"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Дүкөндөрдө мөөнөтү өткөн азык- түлүктөр сатылууда

23 Март 2016 жыл 14:34
Көрүүлөрдүн саны: 81

Тасмада жалпысынан 9-10 азык –түлүк сатуучу дүкөндөр бар.Алар негизинен күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү башка шаарлардан алып келип сатышат.Акыркы учурда айыл тургундары мөөнөтү өткөн азыктар дүкөндөрдө сатылып жатканын айтышууда.
DSCN2587

Айыл тургуну Касымов Рыспек дүкөндөрдөн мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү көп учурда сатып алаарын билдирди.Мөөнөтү өткөн азыктарды дүкөнчүлөр кайра ороп сата беришерин айтты
Мөөнөтү өткөн азык -түлүк сатылбашы керек дейт айыл тургуну Адыбаева Гүлсана .Азыр оорунун көп түрү бар, мөөнөтү өткөн азык түлүк оорунун санын көбөйтүп, күчөтөөрүн билдирди.

DSCN2592
“Сооданбек” дүкөнүнүн сатуучусу Осмонов Элдияр мөөнөтү өткөн азыктар кээде сатыларын жашырган жок:
“Айыл тургундары деле азык-түлүктөрдүн мөөнөтүнө карабай ала беришет. Майонез,консервалардын мөөнөтү өткөндөрү бар. Шаардан мөөнөтү өткөн азык -түлүктөр келбейт. Дүкөндө туруп өз мөөнөтүнөн өтүп кетет. Эгер ошондой азыктар сатылып кеткен болсо,бизге алып келсе биз алмаштырып,же болбосо акчасын кайра төлөп беребиз”.
“Береке” дүкөнүнүн кожоюну Жанеков Кубан азыктардын мөөнөтү өтүп кетсе өрттөйбүз алар сатылбайт деп билдирди.

DSCN2587
Даярдаган:Нурайым Асанакунова(сынакка)АА