"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Үрөн тазалоочу жай элге кызмат кылууда

23 Март 2016 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны: 112

Тасма айылында үрөн тазалоочу жай үч жылдан бери иштеп келет.Бул жайда арпа,буудайдын үрөнү тазаланып талаага себилет.
DSCN2542
Үрөн тазалоочу жайды иштетип жаткан Өмүрбек Турсунбай уулу төмөнкүлөргө токтолду:
“Запты айыл өкмөттөн алгам,мурда айыл өкмөттүн балансында болчу анан мен алып оңдоп ишке киргиздим.Жаз- күз буудай,арпа,беде тазалайбыз.Тоннасын 350сомдон тазалайбыз,кирешеси жакшы тетиктерине, майларына жумшайбыз андан калганын өзүм колдоном.Тетиктерин алдын -ала алып коем себеби бузулуп калса элдер күтүп калат.Көбүнчө кардарлар жазында көп болот”

DSCN2556

Үрөн тазалоочу жай ачылганы жакшы жеңилдиктер болду мурда башка жерге тазалатып келчүбүз дейт кошунасы: Назарбек Молоев
“Тукун запты иштетип жатканына төрт жыл болду,элдер да ыраазы жакшы тазалайт.Мурун Аралга,Түпкө,Сары-Дөбөгө барып тазалатчубуз азыр айылдан эле тазалатып жатабыз .Жолго кеткен акчанын ордуна тазалатканыбыз үчүн акысын төлөйбүз”.
Айыл тургуну Кылыч Курманбек уулу өз оюн мындайча баяндады:
DSCN2553

“Мурда буудай,арпаны Тогузбай айылына барып тазалатып келчүбүз азыркы учурда өз айылыбыздан тазалатып жатабыз. Буудай тазалоочу жай жакшы иштөөдө,баасы да канаатандыраарлык” деген оюн билдирди Кылыч Курманбек уулу
Даярдаган:Алина Амантурова(сынакка)АА