"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: “Мектепте “Бирге окуйбуз”-долбоору өтүп жатат

23 Март 2016 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 348

DSCN2443
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде “Бирге окуйбуз”-долбоору октябрь айынан бери иштеп келүүдө. Бул долбоордун алкагында окуучулар ата-энелер менен биргеликте китеп окуп, суроолорго жооп беришет.
DSCN2506

Башталгыч класстын мугалими Анара Жаркынбаева долбоордун максаты туралуу мындай деди.
“Окуучулардын билимин тереңдетүү, кайтарым байланышын түзө билүү. Ата-энелер менен окуучулардын бирдикте иштөө. Балдар ата-энелерине ачык суроолорду берүү жана алардан кайра толук кандуу жооп алуу. Сүйлөө кебине, логикалык ойлоосуна көңүл бурабыз. Класстан тышкаркы китептерди, жомокторду окутуп, аларды рольдоштуруп окутабыз.Бул долбоор окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жогорулатып, билим сапатын жакшыртабыз. ”-деп билдирди Жаркынбаева
Балдарыбыз китеп көп окуп жокмокторго кызыгып, сүрөт тартканды үйрөнүп калышты дейт ата эне Адыбаева Гүлсана
“Бул долбоорго катышкандан баштап көптөгөн өзгөрүүлөр болду мисалга алсак китепке көбүрөөк кызыгып, жомокторду окуй баштады. Мен мындан кийин дагы катыштырганга аракет кылам, дагы ушу менен токтоп калбай көп болуп турса дейм ” – деп өз оюн билдирди Адыбаева.
3-класстын окуучусу Анеля Кылчыкбаева “Бирге окуйбуз”-долбоорунун катышуучусу. Ал долбоор башталгандан бери көп жомок окуганын айтты.
DSCN2442
“ Мага китеп окуганы, сүрөт тартканы жакты. Мен “Чыпалак бала”, “Шамбала,”Бир баштык дилде”деген жомокторду окудум ”-дейт Анеля Кылчыкбаева
Даярдагандар: Ширин Акунова. АА
“Сынак үчүн”