"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Көптөгөн ийгиликтерди багындырган спортчу Эламан Асылбек уулу

23 Март 2016 жыл 9:36
Көрүүлөрдүн саны: 162

2016-02-27 12.43.34
Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эламан Асылбек уулу 7 жылдан бери грек-рим күрөшү менен алектенет. Спортчу райондон, облустан, республикадан эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды багындырган.

Спортчу Эламан Асылбек уулу спорт менен алектенгенден бери жашоодогу өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Мурда убактысын үнөмдөгөндү билбесе, учурда машыгууга, үй жумуштарына жардам бергенге жетишип жүргөнүн айтат.
image (7)
“Спорт менен алектенген өзүңө эле жакшы, ден-соолугуң чың болот. Ар кайсы шаарларга барып таймаштарга катышып келебиз. Мурда досторумдун бары келип машыгып жатканына мен дагы келип аябай кызыгып кеткем.”-деп айтып өттү Асылбек уулу.
Эламандын машыктыруучусу Тилекмат Атагулов учурда эл аралык мелдешке эки маал машыгып жатышканын билдирди. Спортчу ийгиликке жетиш үчүн талбай машыгуусу, максат коео билүүсү керектигин айтат.
DSCN2446
“Спорт менен алектенген спортчулар спирт ичимдиктерин ичүүгө, тамеки, насывай сыяктуу зыян нерселерди колдонгонго болбойт. Алар мен спортчумун деп эле башка балдар менен мушташканга болбойт.”-деп билдирди Атагулов.
Тилек Бакачиев балдардын спортко катышып турганы жакшы экенин, Эламан 4-классынан бери катыша. Турнирлерге барганда жеңишке жетпей калган күндөрү аз болорун билдирет.
DSCN2424
“Эламандын спортко катышканын колдойм. Мелдештерде дайыма ийгиликтерге жетишип келет. Ал ийгиликке жеткенде аябай сүйүнөбүз. Эң баалуу сыйлыгы болуп Таласта өтүлгөн Канатбек Бегалиевдин турниринде 1-оорунга ээ болуп плазменный телевизор утуп келген. Үйдөн дагы аябай көп жардамдарды берет.”-деп айтты Бакачиев.
Эламандын 11 жыл чогуу окуган классташы Дамир Улан уулунун спорт менен алектенгендин пайдасы чоң деп эсептейт.
“Эламан аябай тың кыйын күрөшөт. Ал бизден шамдагайлыгынан айырмаланып турат. Өтө токтоо, жоош бала. Келечекте спортту улайм деген максаттары бар, ошого жетишин каалайм.”-деп билдирди классташы Улан уулу.
Даярдагандар: Саадат Турдуматова, Гүлзар Курманбек кызы.
“Сынак үчүн”