"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада райондук аким эл менен жолугушу уюштурду

26 Март 2016 жыл 14:36
Көрүүлөрдүн саны: 108

DSCN2449
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма айылында аким эл менен жолугушту. Чогулушка Карасаев айыл окуругунан Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян үч айылдын тургундары айылдык кеңештин депутаттары катышышты. Жыйында айылдагы көйгөйлөр, бизнес ачуу, өркүндөтүү жана диний экстремизм маселесин талкууланды.

Райондук аким Ишен Кожалиев ар дайым жылдын башында тиешелүү адистер менен келип, эл менен жолугушуу уютуруп элде кандай мүдөөлөр бар ошолор менен таанышып жеринде чечүүчү маселелер болсо жеринде чечип турарын айтат.
DSCN2455
“Бүгүнкү жыйында райондо жүргүзүлүп жаткан кандай иштер болсо алар менен элибизди тааныштыруу жана мындан ары кандай иштер жасалат алар туурасыйда айтып бердик. 2016-жылды биз элибдин жашоо турмушунун мындан ары жогорку деңгелге көтөрүү үчүн. Аз жерден чоң киреше табуу биздеги мүмкүнчүлүктөр туурасыда окутуп киреше табуунун жолдорун үйрөтүү боюнча долбоорлор иштеп жатат”-деп билдирди Кожалиев.
“Тасмада карагат менен малинаны өстүргөнгө ыңгайлуу, себеби жери кенен. Мал чарбачылыгы боюча дагы көп сүт берүүчү уйларды өстүрсө болот. Күнөсканаларды салып иштетсе болот андан көп киреше түшөт. Биз бул азыктарды өндүрүп баштасак 1-ден өзүбүздүн базарларды камсыз кылып турсак андан соң чет өлкөгө экспортго мүмкүнчүлүк бар”-деп кошумчалады Кожалиев.
DSCN2452
Тасма айылынын тургуну Динара Сыдыкованын айтымында бул чогулушта акимге көптөгөн суроолорду беришкенин айтат.
“Бүгүнкү жолугушуу абдан кызыктуу болду. Айыл өкмөттө жашоочулар көйгөйлүү суроолорун беришти, баарын жасайбыз деди бирок элдин толук ишеничи болгон жок. Жыйында өзгөчө жер, жол маселери талкууланды.”-деп билдирди Сыдыкова.
Токтоян айылынын тургуну Арзыкул Дөкөнбаев диний экстремизм маселеси боюнча бизде Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндөй мыйзамдар чыкса Сирияга кетүү коркунучу болмок экес деген оюн билдирди.
“Жыйында диний экстремизм Сирияга кетип жаткандар боюнча кызуу талкуу жүрдү. Учурда башка диндеги адамдар мечиттерге келип алышып эле туура эмес үгүтөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Биздеги Жогорку Кеңештин депуттары жакшынакай мыйзамдарды чыгарса бул маселе чечилмек”-дейт Дөкөнбаев.
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова.
“Сынак үчүн”