"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Шайырлар,тапкычтар клубу аталышындагы сынак болуп өттү

28 Март 2016 жыл 5:43
Көрүүлөрдүн саны: 186

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы А.Сопиев мектебинде география сабагы боюнча таймаш болуп өттү.Бул таймашка 7а,б класстар катышып, өзлөрүнүн билимин сынашып баардык өткөн темалар боюнча кайталоо иретинде
эки класс жарышкан.

20160325_131032
Сынакты уюштурган география мугалими Ороз Садабаев төмөнкүлөргө токтолду:
«Эки класстын даярдыгын өтө жогору деп эсептебейм, бирок окуучулар көп нерсени билип алышты.Сынактын жүрүшүндө катачылыктар кетти, себеби алар жакшы даярданышкан эмес,берилген суроолордун жооптору туура эмес болуп жатты.Бирок кийинкиде кетирген катачылыктарын оңдойт деп ойлойм. Сынакка катышып окуучулар мелдешүүнүн жолдорун, өзлөрүнүн оюн, билгендерин кенен айтууга үйрөнүштү».

?

?


Калыстар тобунун мүчөсү,Асан Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытов окуучулар талапка жооп бергидей даярданган эмес, деген оюн билдирди:
» География сабагынан 7-а,б класстардын арасында сынак болуп өттү, начар деңгеелде болду.Себеби бул жерде 7а -класстын окуучулары акыркында өз ара бири-бирине суроо беришмек, ал суроолорду даярдашкан эмес.Жана берилген суроолордун жообу да так эмес, ошол себеп менен сынактын жүрүшүн ортоңку деңгээлде өттү деп эсептейм».
Таймаштын катышуучусу Элтуран Акенов болуп өткөн сынак жаккандыгын билдирди:

?

?


«Биз бул таймашка 3-4 күн даярдандык,абдан шаңдуу болду.Менде сахнага чыгууда толкундоолор болгон жок, себеби мен чоң сахнага чыгып жүрүп көнүп калгам.Сынакта билбеген нерселерибиздин баардыгын үйрөнүп алдык,жана көрүүчүлөргө да таасир калды деп ойлойм».

Даярдаган:Жазира Дүйшөн кызы
«Сынакка»АА