"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев тасмадыгы самын жамаатына кызыкдар

29 Март 2016 жыл 3:31
Көрүүлөрдүн саны: 61
?

?

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма айылынын “Бугу-Эне” самын жамаатына Жыпар Жекшеев келип таанышып кетти. Бул кичи ишкана туристерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин айтып. Аталган жамаатты өнүктүргөгө жардам берээрин билдирди.

?

?


Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин айтымында турмуш оңолуп социалдык акыбал улам жогоруланаг сайын адамдар жөн ган жан бакканга ыраазы болбостон өзүнүн ден-соолугуна карап калган заман. Учурда ар кайсы мамлекеттерден келеген самын, кремдерди колдонобуз анын ичинде нечендеген химиялык заттар бар, ал эми кол менен жасалган экологиялык жактан таза, пайдалуу эч кандай туура эмес кошулмалары жок самын чыгарып жаткандарына кызыкканын айтып өттү.
“Мени таңгалдырганы мисалы ушул иш кана Бишкекте же башка шаарда ачылса мен таң калбайт болчум жөн ган бизнести көздөгөндөр деп ойломокмун. Ал эми айылда болгондо да кичинекей Тасмада ачылып иштеп жатканын угуп кызыктым. Мен бул самындын эң чоң эки пайдасын көрүп турам 1-ден айыл жеринде ушундай соонун жерде жашап жатып оокат кылганды билбейбиз, жарды жашап жүрө беребиз кыймылдаса эле аракет кылса эле иштин баары ал кайсы жер экени маанилүү эмес иштесе болот экен Бул самын жамаат баардык элге үлгү болчудай. 2-ден Кыргызстанда туристер көп жылдан-жылга көп келе баштады. Аларга да биз мактанып көрсөтө тургандай жер, жөнөкөй эле кичинекей жерде соонун нерселерди чыгарып жатышат”-деп билдирди Жекшеев.
?

?


“Биз көбүнчө Түркия ишкерлери менен иш алып барабыз. Түркиядан Кыргызстанга туристерди жиберебиз деп жатат, биз ошондо Ысык-Көлдүн тегерегин атайнып көрсөтөлү деп пландап жататабыз. Туристерди кызыктырганга бизде чоң-чоң көз жоосун алган мейманкалар, имараттар жок алар андай сервизге тойгон элдер. Алар Кыргыздын бизден эмне айырмасы бар, кандай оокат кылып жатышат деп кызыгып келген туристерди алып келебиз. Биз туристерди аталган жамаат менен таңгалдыра алабыз. Кантип самын жасалары туурасында айтып, көрсөтүп беришсе аларга американы ачкандай эле болот “-деп кошумчалап кетти Жекшеев.
?

?


“Бугу-Эне” самын жамаатында иштеген Айнура Мамытова коомдук ишмердин бизге кызыкканы келип таынышканы биз үчүн сыймык деген оюн айтып өттү.
?

?


“Биздин ишти дагы алдыга жылдырып, кеңейтип ишибизди алга жылдырганга көмөктөшөм деп кетти. Каракол, Бишкек шаарларында биздин өздүк самын сатуучу дүкөндөрүбүз жок болчу, башка нерселерди саткан сувинирлерди саткан дүкөндөрдө сатылчу. Жекшеев бизге борубузга самын саткан дүкөн ачып бергенге аркет кылам деп кетти. Бул эң сонун болмок”-дейт Мамытова.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова
“Сынак үчүн”АА