"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма спортчулары райондук турнирде 2-орунду ээлешти

29 Март 2016 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны: 104

?

?


Ысык-көл облусунун Түп районуна карашту Асан Сопиев атындагы мектебинин спортчулары Греко-рим күрөшу боюнча команда 2-орунду алып келишти. Учурда окучулар жакынкы аралыкта болуучу спортакиядаларга даярданууда. Греко- рим күрөшү ачылганына 6 жылдын жүзү болду.
Аталган спортчулардын машыктыруучусу Тилекмат Атагулов учурда 30 баланы тарбиялайт. Алардын 7 чемпион.
?

?


“ 5-апрелде облустук манасияда болот. Бул ийгилик бизге абдан жакшы болду облуска жана республикага жолдомо алдык. Мындан ары дагы улантып кетебиз”-деп билдирди Атагулов.
Грек-Рим күрөшүнүн катышуучусу Эламан Асылбек уулунун айтымында күрөштө биринчи орунду алып келген. Бул ийгилиги өзүнө чоң таасир бергенин айтты.
“Күрөшкө катышканыма 5жыл болду. Мындан мурун да көптөгөн ийгилик жараткам азыр 35 медалым бар. Мындан ары да күрөштү уланты кетем”-дейт Асылбек улуу.
Мектеп мугалими Эркинбек Көчөрбаев. Греко- рим күрөшү уюштурулгандан бери ийгилик жаратып келет. 2014-2015-жылы биринчи орунду ээлеп келгендигин айтат.
“Бул ийгилик окуучунун дене түзулүшун өсушүнө,өз ара ынтымакка, ар-бир элдин достук байланышына, дүйнөгө болгон көз карашына таасир берет. Ушуну жетектеп машыктырып келе жаткан Тилекматка ыраазыбыз.”-деп айттып өттү.
Даярдаган: Адина Игнатбекова.