"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ташчайнар Тасма айылына талантын тартуулады

31 Март 2016 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны: 114

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебине Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров өз элине талантын тартуулады.Нурлан 1993-жылы бөйрөгүнөн жабыр тартып, дарыгерлер бир бөйрөгүн алып салышкан ошондон кийин ага 21 килограмдан ашык көтөрүүгө болбойт деп тыю салышкан.
20160323_093830

Өзүнүн өнөрү туурасында Нурлан Алишеровго 2011-жылы түшүнөн аян берип Манас ата батасын берип, өзүң эле чектелбестен кырк эр азаматка үйрөтөсүң деген батасын берди, ошол батанын негизинде шакирттерибизди топтоодобуз дейт:Нурлан Алишеров

?

?


“Мен өзүм Алишеров Нурлан Табылдиевич 1976-жылы Талас облусунун Ынтымак айылында туулуп өскөм .Өзүм экинчи топтогу майыпмын,баардык нерсени өзгөртүүгө болот экен, дарыгерлер тыю салган 21киллограм эмес, азыр асты 200тоннага чейин көтөрүп жатам.Бүгүнкү күндө жерлерди кыдырып концерт коюп жатканыбыздын максаты жаштарга акыл нассат тартулоо,ушул мезгилге чейин ар кайсы облустардан өзүбүздүн 16 шакиртибизди топтодук.Чечня өлкөсүнө барып “Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү адам” ,Украинадан “Феномен кишиси”,Москвадан “Минута славынын катышуучусу” деген сыйлыктарга ээ болдум.Чет жерлерге баруу үчүн кеткен чыгымдарды өзүбүздүн “Ташчайнар “фонду бар ошол фонддон каржылайбыз дейт Алишеров”.

?

?


Ташчайнардын концертинде адамдын саны көп болуп ,көнүлдүү өткөнүн айтат Сопиев мектебинин уюштуруучу завучу Назира Өмүрзакова:
“Концер кызыктуу өттү,окучулардын ата-энелердин баардыгы активдүү катышышты.Билеттер бизге райондон бөлүнүп берилген баасы да канагаттандыраарлык болгон үчүн зал толтура киши болду.Алар өзлөрү эле кече кое бербестен,залдан окуучуларды да оюндарга катыштырып жатышты бул көрүүчүлөрдү абдан кызыктырды”.дейт Назира Өмүрзакова

Мектеп окуучусу Жазгүл Азекова Ташчайнарды мурда телевизордон гана көрсөк эми бизидин айылга келип талантын тартуу кылды бул үчүн биз кубандык деген оюн билдирди:
“Ташчайнарды көрүп таң кала берчүмүн кантип тиши менен көтөрмөк эле,баардыгы жасалма го деп ойлочумун.Бирок бизге келгенде баардыгын жанынан көрүп анан ишендим.Бул концерт да жакшы өттү,көңүлдүү болуп мага жакты”.дейт Азекова

Даярдаган:Алина Амантурова, Айдай Амантурова
“Сынак үчүн” АА