"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жеңишбек Ашымов мектебинин окуучулары райондук манасиядага даярданууда

1 Апрель 2016 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 60

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин окуучулары 4-апрелде өтө турган райондук манасиядага даярданышууда.Ушул убакка чейин мектеп окуучулары спорттун жети түрү боюнча аймактык олимпиадага катышып,андан тандалып алынган окуучулар райондук манасиядага даярданышууда.
Ашымов мектебинин дене тарбия мугалими Нурбек Мааданбеков окуучуларды даярдыктары туурасында төмөнкүлөргө токтолду:

IMG-20160401-WA0005
“Азыркы мезгилде райондук манасияданын акыркы этаптары калды, эң негизгиси женил отлетика менен тогуз коргоол,узундукка секирүү, спорттун бул түрлөрү менен жалпы аймактык жыйынтык чыгат.Жеңил отлетика,тогуз коргоол менен байгелүү орундарга жетишебиз деген үмүттөбүз.10-15 жылдан бери жеңил отлетика боюнча команда топтоп облуска алып барып жакшы ийгиликтерге жетиштип келүүдөбүз.Былтыр мектеп окуучуларыбыз Республикалык спартакияга катышып: Шербото Асанкожоев 1500-3000км аралыкка чуркап 3-орунга ээ болду.Кубанычбек Алым уулу республикалык спартакияда үч аттап секирүү боюнча жакшы ийгиликтерге жетишти, эми да бул окуучуларга болгон үмүтүбүз чоң”. дейт Нурбек Мааданбеков

IMG-20160401-WA0006
Манасиядаларга катышып мектебибиздин атын чыгарып, упай алып берип, мыкты спортчу болсок деген оюн билдирди райондук манасиядага даярданып жаткан Ашымов мектебин окуучусу Шербото Асанкожоев:
“Олимпиадага жакшы даярдануудабыз , сесеби спорт бизидин ден-соолугубузга пайдалуу жана мектепке упай алып беришибиз керек .4-апрелде боло турган манасиядада жакшы ийгиликтерге жетишип облуска өтүүгө аракет кылабыз.Былтыр Жалал-Абад облусна барып республикалык спортакиада 3 орунга ээ болдум,2016-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн кышкы чемпионатка катышып 4 орунга ээ болдум.Райондон да бар күчүмдү жумшап,жакшы ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылам”.деген оюн билдирди мектеп окуучусу Шербото Асанкожоев

IMG-20160401-WA0003
Спорттон жакшы ийгиликтерге жетишип жатканыбызда агайыбыздын салымы чон дейт мектеп окуучусу Кубаныч Алым уулу:
“Райондук олимпиадада биринчи орунду алабыз деген ниеттерибиз бар,көптөгөн жерлерге барып ар кандай адамдарды көрүп өзүбүзгө андан да сабак алуудабыз.Спортко бизди алгачкылардан болуп жакындаткан бизидин Нурбек агайыбыз буга чейин жаман жолдоргр берилип кетпей спортко жакын болуубузга агайыбыздын салымы чоң.Узундукка секирүү менен Республикага чейин барып жакшы ийгиликтерге жетишүүдөбүз кеткен чыгымдардын баардыгына айыл өкмөт бөлүп берет”. Дейт Кубаныч

IMG-20160401-WA0002
Даярдаган:Чолпон Акунова “Сынак үчүн”АА