"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Элдик даарыгер Аскарбек Көчөрбаев

3 Апрель 2016 жыл 19:00
Көрүүлөрдүн саны: 120

Тасма айылынын тургуну Аскарбек Көчөрбаев кыргызчылык касиетке ээ.Ал айылдагы элдик даарыгер,жүрөк түшкөндө ,бөйрөк ооруганда ,ач киргенде,баш ооруган учурда айыл тургундары Аскарбек Көчөрбаевге кайрылышат.

?

?


Аскарбек эртең менен , кечинде киши көрөт.Балдарым ооруп калса көпчүлүк учурда Аскарбеке кайрылыбыз дейт:айыл тургуну Жаңыл Дубанаева
“Касиет деген бул улуу нерсе да,анын үстүнө Аскарбектин колу да абдан жеңил.Балдар ооруп жее болбосо ойноп жүрүп катуу чочулап калса биз дароо Аскарбеке кайрылабыз.Мен Аскарбек менен көп жылдан бери кошуна жашайм,жана анын бул касиетине ишенем себеби азыркы күнгө чейин биз эле эмес айылдын баары кайрылып ооруп жаткандар жакшы болуп калдык дешет”.

?

?


Өзүнө берилген касиет кандан-канга өтөт экен мага бул касиет таятаман калыптыр дейт Аскарбек Көчөрбаев:
“Айыл тургундарын кыргызчылык касиети менен көрүп келе жатканыма 15жыл болду,кээ бири айтат колуң жеңил экен деп.Тайнем кичине кезимде айтып калчу сенин чымының бар,бир нерсени алдын ала сезесиң деп көрсө менин касиетим бар экен мындай касиет менде жана карындашымда бар.Жуманын төртүнчү бешинчи күндөрү киши көрбөйм,бул күндөрү нан жасап жыт чыгарып коем.Адамдарды көрүүдө кыйналам көрүп бүткөндөн кийин эс алып калам “.деди Көчөрбаев
20160403_170435[1]
Кыргызчылык касиети менен ооруларды даарылагандарга ишенбейм себеби мен бир гана жаратканга ишенем дейт айыл тургуну Айзада Кадырова:
“Мен мындайларга ишенбейм себеби азыр диндин ар кандай багыттары чыгып элдерге туура эмес маалымат берүүдөн улам адамдар ишенчээк болууда.Мындай адамдар келечектерин айтып бергендеринин баардыгы жалган болсо керек себеби алдыда эмне болоорун кудайдан башка киши билбейт.Менин сиңдим ооруп бир адам дем салат экен дегенинен алып барсак суу окуп берип келечегин айтып берип койгон”.

?

?


Даярдаган:Алина Амантурова,Жазира Дүйшөн кызы
“Сынак үчүн”АА