"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбайда зап, жем тартуучу машина 23жылдан бери элге кызмат

6 Апрель 2016 жыл 3:51
Көрүүлөрдүн саны: 67

2016-03-29 13.13.51
Чоң-Тогузбай айылында зап жана жем тартуучу машина элдин дандарын тазалап жана жем кылып берүүдө. Аны Урмат Исманалиев 23 жылдан бери иштетип келет. Айыл элинин көбү ушул запка келип дандарын тазалатып, себүүгө даярдайт. Жем тартуучу машинага 1 мүшөк данды тарттыруу үчүн 20 сомдон, ал эми запка 1 т дан тазалатуу үчүн 350сом.
2016-03-29 13.23.14
Заптын ээси Урмат Исманалиев запты 9 жылдан бери иштетип, буларды иштетүүдө ал көп пайда көрөөрүн, булар айыл элдерине өтө керек экендигин айтты.
“Кудайга шүгүр азыр зап дагы, жем тарттыруучу агрегаддар иштеп жатат. Учурда жаз келгенине байланыштуу элдер жазга үрөндөрдү даярдап жатышат. Айыл элдерине ар дайым өз кызматымды кылып келем”-деп билдирди Исманалиев.
Айыл тургуну Керез Исмагулов Зап союз тараганда орнотулгандыгын . Бул ишти атасы жасап баласына ыйгарып кеткендигин айтат.
2016-03-29 13.13.13
“Бул драбилкени Урматтын атасы Муканбет деген киши иштетчи эле, көзү өтүп кеткенден кийин баласы улантууда. Ал киши мурда таш тегирмен орноткон ройон боюнча биздин айылда эле бар эле. Ар кайсы жерден келип жем тарттырып кетишчү.”-деди Исмагулов.
Чоң-Тогузбай айылынын дагы бир тургуну Канатбек Эрмек уулу бир убакта түшүмдү тазалап кайра ушул жерден тартырып аларын өтө ыңгайлуулугун айтып өттү.
“Колго тазалаганга караганда бул жерден тазалаганга ыңгайлүү таптаза тазалайт. Убакыт дагы көп кетпейт. Ар дайым иштеп турат, акчасы дагы анча кымбат эмес.”-деп билдирди Эрмек уулу.
Даярдаган: Салават Жангабылов.
“Клооптун журналистка мектебине катышуу үчүн сынакка”