"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Эркин Алтынбекова 35жылдык мектептеги эмгеги

21 Апрель 2016 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны: 93

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинде Эркин Алтынбекова 1968-жылдан 2003-жылга чейин физика мугалими болуп эмгектенген.Алтынбекованын эмгеги менен Кыргыз СССРдин эмгек сиңирген мугалими жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

?

?

Алтынбекованын өз билдирүүсүндө мектепте физика мугалими болуп эмгектенүү менен ийгиликтерге жетишкен.Ошондой эле Эркин Алтынбекова физика сабагынан да окуучуларды жакшы даярдагандыгы үчүн мактоо баракчалары менен сыйланган жана Асан Сопиев агай менен да иштешкенин айтат.
“Мен өзүм жогорку билим менен 2003-жылга чейин эмгектендим.Эмгек тенүумдүн натыйжасында көптөгөн грамоталар менен сыйландым.Ошондой эле мен Сопиев Асан агай менен да чогу иштеп,жакшы сапаттарын ала алдым.’’
Ал эми Кундуз Шалтабаеванын 5-классынан 11-классына чейин класс жетекчилик милдетти аткарган.Шалтабаева азыркы учурда мугалим болуу менен Эркин эжейдин мурда жакшы эжей экенин айтат.Ал учурда олимпиядага даярдаган окуучулары Жанара Кулубекова болгон,алар республикага чейин барып орун алган учурлары болгон.Азыр ал окуучусу Күрмөнтү айылында физика мугалими болуп эмгектенет.

?

?

“Эркин эжейди азыр мен өзүм мугалим болуп түшүнүп жатам.Эжей бизге усулдарды көп колдонуп сабакты өтүү менен бизге жакшы түшүндүрчү.Эркин эжей ошол эрте пенсияга кетип калды.’’дейт Шалтабаева.
Ошондой эле небереси Актан Абдрасулов чоң энем мага математика сабагынан көп жардам берет жана көп учурда сабагыма көп жардам берет дейт.

?

?

“Менин чоң энемдин мага таасири чоң.Мен азыр мектепте жакшы окуганыма да чоң энем себепкер.Чоң энем мага жакшы мамиле кылат.’’дейт небереси Актан Абдрасулов.
Даярдаган:Айдана Саякова
“ Сынак үчүн”