"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

“Чоң-Тогузбай айылынын сугат каналы оңдолууда”

23 Апрель 2016 жыл 14:14
Көрүүлөрдүн саны: 118

DSC01881
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын сугат каналы (орус арык, ТМК Түп магистрал каналы) оңдолуда. Айылдыктардын айтымында канал 1984-жылы салынган бирок салучулар тура эмес топуракты салып ныктаган кыш убагында топурак тоңуп сементи тебип кеткен.
DSC01914
Курулуштун башчысы Сухрап Кангелдиевдин айтымында каналды оңдо үчүн 300миң сом акча бөлүнгөн каналды оңдону 1-майга чейин бүтүрүго аракет кылабыз деп айтып өттү.
DSC01920
“Биз элге суу жеткизү үчүн бул каналды оңдоп жатабыз 5554 гектар жер бул канал менен Түп районуну суу ичет каналдын узундугу 41 километр. Чоң-Тогузбай айылынын четиндеги гана бузук канал оңдолот. Каналды оңдодо бизге өкмөт жардам берет”-деп билдирди Кангелдиев.
Айылдын аксакалы Шейшен Сокеевдин айтымында тринажды оңдап бергиле деп УОСко кайрылганбыз бирок эч кандай натыйда жок деп айтып өттү.
DSC01919
“Кышында каналда такыр суу болбошу керек анкени ал тоңот анан цементин жарып түшөт мурун жабык тринаж бар болчу анан суу болбочу ал тринаж жердин астында 3 метр тереңдикте болчу бирок ал жабылып калган. Мурун УОС каналды жасаганда жумушчулар жасаганды албай коюш керек болчу. Жыл сайын УОС оңдоп турат азыр да оңдодо бирок жыйынтыгын көрөбүз”-дейт Сокеев.
УОСтун жумушчусу Мейманкул Сооронбаевдин айтымында биздин максатывыз бул жактагы каналды оңдоп Сары-Дөбө каналына суу жеткизү биздин милдет деп айтып өттү.
“Биз каналды оңдодобуз эл үчүн иштейбиз алардын эгиндерин беделерин ар кандай өсүмдуктөрү сугарууга оңдоп жатабыз түшүүмдөрү мол болсун деп. Бизди өкмөт каржылайт»-деп айтып өттү Сооронбаев.
Даярдаган:Салават Жангабылов
“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”